Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

10:20 Ташкөмүрдөгү Кристалл заводун арзан баада колго алуу аракеттери күчөдү


Парламент жыйынында депутаттар А. Бекназаров менен О. Артыкбаев Ташкөмүрдөгү Кристалл заводунун айланасында кырдаал татаалдашып баратканын белгилешти. Соңку учурда бул заводдун деректирин алмаштырып, аны акырындап өз колуна алууга аракет кылган күчтөр чыгууда. О. Артыкбаевдин айтымында, алар бул заводду күчкө, өң-тааныштыкка салып, текейден арзан беш миллион долларга баалап сатып алган жатышат. Ал эми анын чыныгы наркы 200-300 миллион доллар турат, ал эми чет өлкөдө мындай заводдордун куну миллиард долларга чыгып кетет. Азыркы учурда Кристалл заводу түштүктө союз учурунда курулуп, сакталып калган ишканалардын эң барандуусу болуп саналат. Азыркы учурда заводду банкрот кылып сатып алууну көздөгөндөрдүн тоскоол аракеттеринен улам завод иштебей токтоп турат. (KCh)

XS
SM
MD
LG