Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:05

14:55 “Манас” университетинде кино өнөрү боюнча жаш адистерди даярдоо курсу өткөрүлөт


Тогуз айлык кинематографисттер мастер-классына 20 жаштан 30 жашка чейинки 25 угуучу тандалып алынды. Сабакты жергиликтүү жана чет элдик таанымал кино ишмерлери өтмөкчү. Курстун соңунда жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып алдыга чыккан сегиз студентке өздөрүнүн кыска метраждуу тасмасын тартууга мүмкүнчүлүк берилет. Кыргыз-түрк “Манас” университети жана “Ой-Арт” продюсердик компаниясынын бул долбоорун голландиялык Хивос фонду каржылап жатат. “Манас” университетин ректору Сулайман Кайыповдун маалымдашынча, келечекте аталган окуу жайда маданий-кино борбор ачуу пландаштырылып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG