Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ТҮРКМӨНСТАНДА ОРЧУНДУУ ӨЗГӨРҮҮ БОЛБОЙТ


ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев «Азаттык» менен кезектеги маектешүүдө Түркмөнстандагы президенттик шайлоо, бул өлкөнүн келечеги боюнча байкоолорун бөлүштү.

- Бүгүн сизден коңшу өлкөдөгү окуялар, атап айтканда Түркмөнстандагы кечээги шайлоонун өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө жана региондогу кызматташтыкка тийгизүүчү ыктымал таасирлери тууралуу сурайлы деп турабыз. Бүгүн добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыгышы керек. Добуш берүүгө элдин 98 пайызы катышыптыр. Шайлоонун жеңүүчүсү деп күтүлүп жаткан Курбангулы Бердимухамедов өнөктүктүн жүрүшүндө негизинен мурдагы президенттин курсун улантууну, бирок билим берүү өңдүү чөйрөлөрдө элге бир эркиндик берүүнү убада кылды. Кандай дейсиз саясий эркиндик менен өлкөнү демократиялаштыруу жараяны, ал шайланып алган соң эрге бекем отургандан кийин ушуга жол ачпайбы? Ушундай нерсени күтүүгө болобу?

- Шайлоо эски ыкма менен өтүп жатат. Шайлоонун өтүшүнө эки саат калганда эле 95 пайыздан ашык шайлоочулар келип катышты деп жар салышты. Шайлоонун жүрүшү системанын эски боюнча калганын билдирет. Түркмөн элинин, жөнөкөй карапайым адамдардын тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Алты адам болгонуна карабастан тандоо мүмкүнчүлүгү жок деп айтып жатам. Анткени мамлекеттик машине бир кандидат үчүн иштегендиктен эл башка кандидаттар боюнча объективдүү маалымат ала албайт. Маалымат алганда дагы алар атайлап коюлган кандидаттар болгондуктан, атуулдар өлкөнүн тагдырын өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Ал эми бүгүнкү кандидат саясатты кандай алып барат азыр айтыш кыйын. Анткени, Түркмөнстанда баарыбир элита алмашуу болуп жатат. Бизге ачык билинбегени менен ал жерде таасир үчүн талашып-тартышуу, атаандашуу бар. Түркмөнбашынын айланасында туруп келген бир топ азыр озуп чыкты. Шайлоолор бүткөндөн кийин калган топтордун тагдыры эмне болот? Түркмөнстандын элитасы сөз табышабы, же репрессияга туш келишеби? Мындан да көп нерсе көз каранды. Анткени, бул коомдо тигил, же бул өзгөрүштү чакырышы мүмкүн. Ал эми негизинен Түркмөнстан бүгүнкү күнгө чейинки өзүнүн статусун, мүнөздөмөсүн өзгөртпөгөн мамлекет боюнча кала бермекчи. Анткени, ал жерде саясий, экономикалык эркиндик кыска убакыттын ичинде коңшу мамлекеттердин деңгээлине жетпейт деп ойлойм.

- Региондогу абал жөнүндө айтып кеттиңиз. Сапармурат Ниязовдун президенттигинин соңку жылдары, атүгүл өзү Түркмөнстан мүчөсү болгон КМШ Борборазия шериктешинин иштерине көп аралашкан жок. Демек, сиз мындан ары деле регионалдык кызматташтыкка тартылбайт деп эсептейсизби? Эгер тартылбаса бул эмнеге көз каранды, же Түркмөнстан мындайга өзү кызыкдар эмеспи?

- Сапармурат Ниязов өзүнчө кызык адам болгон. Албетте, анын деңгээлине мүнөздүү адамды салыштыруу кыйын. Түркмөнстандын тышкы саясатында коңшулар менен болгон мамилелеринде өзгөрүш болот деп ойлойм. Бирок алар радикалдуу мүнөздө, радикалдуу өлчөмдө болбогондуктан регионалдык кызматташууда жакынкы 1-2 жылда олуттуу өзгөртүүлөрдү жараталбайт деп ойлойм.

- Региондун саясий реформалары, демократия менен байланыштуу дагы бир маселесине келсек. Казакстан 2009-жылы ЕККУ уюмуна төрага болууга умтулууда. Казакстандын ушул жааттагы мүмкүнчүлүгүн кандай карайсыз?

- Казакстан, албетте, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде абдан чоң амбицияда турат. Эгер казак туугандар ОБСЕде төрагалык кылып калса баарыбыз үчүн сыймык болмок. Бирок, Казакстандын төрагалык кылуусуна кээ бир объективдүү кырдаалдар туура келбейт. Ал шериктештикте төрагалык болуш үчүн анын миссияларын, анын уставындагы жоболорду артынан түшүп аткарбаса дагы негизинен алар аткарылган принциптер болуш керек. Ал эми Казакстанда Түркмөнстанга караганда режим демократиялуу болгону менен демократия, адам укугу, массалык маалымат сөз эркиндиги багытында проблемалар бар. Ошондуктан, Казакстандын төрагалык кылуусу, ар бир өлкөдө демократия өзүнчө болушу мүмкүн. Россиянын кээ бир чиновниктери айткандай, суверендүү демократия.

- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов

XS
SM
MD
LG