Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ПУТИН : АМЕРИКА ЧЕКТЕН АШЫП КЕТТИ


Россиянын президенти Владмир Путиндин апта соңунда Мүнхен шаарында өткөн коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзү дүйнө коомчулугунда түрдүү пикирлерге түрткү болду. Айрым байкоочулар Путиндин Америка Кошмо Штаттары менен НАТОнун дарегинде айткан сыны жаңы кансыз согуштун башаты болуп калышы ыктымал деп жатышат.

Сөзүнүн башында Путин отургандарга кайрылып, конференциянын форматы ага түз жана ачык сүйлөгөнгө мүмкүндүк берип жатканын жана эгерде анын ой пикирлери өтө катаң деп сезилсе, ага ачууланбоону өтүндү. НАТОнун Балтикага карай кеңейгендигин айтып, президент мындай кадамдар кимге каршы багытталууда деп собол салды. Ал ошондой эле Америка Кошмо Штаттарын кескин сынга алып, бул өлкөнүн дүйнөдөгү маселелерди аскердик позициядан чечүү аракеттери дүйнөнү кансыз согуш жылдардагыдан да кооптуу жагдайга алып келип салды деп айтты. Ал АКШны ошондой эле эл аралык укуктук принциптерди этирбарга албай, ошол эле маалда экономикада, саясатта жана гуманитардык тармактарда өзүнүн укуктук системасын башкаларга таңуулап жатат деп айыптады. Азыр дүйнө жүзүндө эч ким эл аралык мыйзамдардын калканчын сезбей калды, АКШ бардык жактан чектен ашып кетти,- деди Путин.

- Азыр дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баары жалгыз уюлдуу дүйнөнүн концепциясын түзүү аракетинин натыйжасы. Андан кандай тыянак чыкты? Бир тараптуу, мыйзамсыз аракеттер бир да проблеманы чече алган жок. Тескерисинче, алар адамдардын башына жаңы азап-тозокторду алып келип, абалды курчутту. Согуштар, жергиликтүү жана регионалдык жаңжалдар көбөйдү. Азыр бул жаңжалдарда алда канча көп адам өлүп атат ,- деди Путин.

Путин ошондой эле АКШнын Европада ракеталардан коргонуу системасын жайгаштыруу планын сынга алып, анын буга пайдаланган шылтоосу суу кечпей калганын айтты. Европага , АКШнын айтымында, "коркунуч келтирип жаткан" бир да өлкөнүн ракетелары учуп жете албайт, деди Путин Иран жөнүндө кыйытып. Орус президенти АКШнын мындай аракеттерине Россия тийешелүү жооп кайтара турганын белгилеп, АКШны жарыша куралданууга шыкакчы болуп жатат деп айыптады.

Путиндин Мүнхендеги конференцияда сүйлөгөн сөзү эл аралык коомчулукта Россия менен Батыштын ортосунда жаңы кансыз согуш башталабы деген кооптонууларды жаратты.

Бирок АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс мындай пикирлерге төмөндөгүдөй жооп берди:

- Россия менен жаңы кансыз согуш болот деп ойлобойм. Кансыз согушту эч ким каалабайт. Россия менен кызматташуу АКШнын, Европанын жана Россиянын өзүнүн кызыкчылыгында. Ошон үчүн маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда ачык сүйлөшүү зарыл нерсе ,- деди АКШнын коргоо миинстри Гейтс.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG