Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

«ДЕМ» СТУДИЯСЫ CҮЙҮҮ КҮНҮНӨ АРНАП КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Бүгүн Бишкекте “Дем” театр студиясынын сүйүү күнүнө арналган концерти башталат.

“Дем” театры Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген профессионалдуу актерлордон түзүлгөн. Куйкум сатиралары менен күлкү тартуулаган “Дем” театрынын жигиттери буга чейин Бишкекте декабрь айында эле жеке концертин тартуулашкан. Мына ошол кечеге келбей калган күйөрмандардын суранычы менен, бир чети эртеңки майрамга карата бул кечени уюштурушууда. Топтун актеру Жеңишбек Кангелдиевдин айтымында өткөн концертте көрсөтүлгөн номерлер кайталанбайт.

-Тартууланчу тамашалардын дээрлик баардыгы жаңы. Келген көрармандар маданий жактан эс алып кете турган концерт болот. Сүйүү күнүнө арнап, жакшы белектерди даярдап жатабыз. Концертке келген көрүүчүлөр бир эле “Дем” театрынын таланттарынын өнөрүнө күбө болбостон, кыргыз элине төбөсү көрүнгөн белгилүү өнөрпоздорду да көрө алышат. Бирок мына ошол катыша турган ырчыларды да тандайбыз башкача айтканда ырлары биздин концерттин програмасына ылайык келе турган ырчылар менен гана иштешебиз.

Топтун дагы бир таланттуу жигити Максат Кулуев: “Концерттеги өзгөчө бир жаңы номер бул таза сүйүүнү балет аркылуу чагылдырабыз. Ошондой эле канаттулар дүйнөсүнө саякатка чыгабыз. Бакма канаттуулар аркылуу адамдардын жашоосун сатирага салабыз. Башка куудулдар сөз менен жеткирсе биз кандайдыр бир кыймыл аракеттер, актерлук чеберчилик менен ырахат тартуулайбыз. Биздин максатыбыз элди күлдүрүп эле тим болбостон, өзүбүздүн куудулдук чеберчилигибизди өстүрүү, арттыруу”-деди.

“Дем” театр студиясынын түзүлгөнүнө үч жылдын жүзү болду. Театрдын балдары спектаклдерде, көркөм тасмаларда да образ жаратышууда. Аталган студиянын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин билдиргенине караганда келечекте жаңы стилдеги спектакль коюшмакчы. “Дем” театр студиясы өткөн жылы түштүк жергесине гастролго чыгышып, өнөрлөрүн тартуулап келишкен, эми алдыда Кыргызстандын башка аймактарына чыгармачылык сапарга чыгууну ниет кылышууда.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG