Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

ЖАЛАЛАБАТ: КОРРУПЦИЯНЫН БЕТИН АЧКАН КООМДУК КОМИССИЯНЫ ПРОКУРАТУРА КЫСМАККА АЛУУДА


Жалалабат облусунун жогорку окуу жайларында кылмыштуулук менен коррупциянын алдын алуу үчүн түзүлгөн топтун ишине облпрокуратура менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бут тосууда. Мындай пикирди комиссиянын төрагасы Абдулла Камбаров менен ал комиссиянын башка мүчөлөрү билдиришти. Комиссия окуу жайлардан кыйла фактыларды тапкан, пара менен бир окутуучуну колго түшүргөн. Ага карабай, облпрокуратура коомдук комиссияны мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн деп айыптап, эскертүү берген.

Бийлик жана тармактык кызматтар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган комиссия өткөн айда губернатордун буйругу менен түзүлгөн. Комиссия коомдогу терс көрүнүштөрдүн, кылмыштуулук менен коррупциянын алдын алуу максатында уюшулган. Анын активист мүчөсү Майрамбек Адылбековдун ырасташынча, комиссиянын ишине бийлик уюмдары кийлигишип, ачык болбосо да тымызын кысымга алуу болуп жатат.

Комиссиянын башчысы Абдулла Камбаровдун маалыматы боюнча аталган топ окуу жайлардан кыйла кемчиликтерди тапкан:

- Ведомосттор өз убагында жабылбайт, же жоголуп кеткен учулар кездешкен. Келбеген, сабакка катышпаган студенттер бар.

Мүчүлүштүктөрдү аныктаган комиссияга туш келди жактан телефон чалуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болуп, көрсөтмөлөр берилүүдө. Текшерилген окуу жайлардан “үстөл-сумкаларды аңтарышты” деген маалыматтар облпрокуратурага түшкөн. Абдулла Камбаров ал арыздарды жалган доомат катары эсептөөдө. Арыздарга ылайык облпрокурордун биринчи орунбасары берген эскертүүнү комиссия башчысы тоскоолдук катары баалады:

- Тиешелүү адамдар телефон чалышып, мындай-андай кылбагыла деген көрсөтмө бере башташты. Эскертүүнү прокурордун орунбасары Нурматов берип атат.

Комиссиянын текшерүү жүргүзүүгө укугу жок. Облпрокурордун орунбасары Рахманберди Нурматовдун айтымында “комиссия, буйрукта көрсөтүлгөн окуу жайлардагы билим сапатын жогорулатуу, жаштарды атуулдукка тарбиялоого көмөк көрсөтүү милдетинен аша чаап кеткен”:

- Комиссия келип текшерүүгө акысы жок. Мугалимдер студенттердин сумкасын текшерүүгө акысы жок.

Комиссиянын мүчөсү, ”пара алат” деп шектелген окyтуучуну кармаган тартип сакчысы Мелис Рысбаев текшерүүлөр тиешелүү окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн ырастады:

- Зачеткалар, окуучулар тапшырган ведомосттордо көп нерсе чыккан. Аны факультеттин декандары алып столдун үстүнө койгон. Биз тараптан эч кандай мыйзамбузуулар болгон жок.

Губернатордун орунбасары Камила Талиева топтун мүчөсү Майрамбек Адылбековдун мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн айыптаган пикири менен макул эмес:

- Биринчиден, коррупция менен күрөшүүдө тоскоолдук кылганга моралдык укугум жок. Экинчиден, менин адамдык өзүмдүн беделим ага жооп бербейт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG