Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

САЛЫК САРСАНААСЫ – КОҢУЛДАГЫ ЭКОНОМИКА


Айрым эксперттердин баамында, Кыргызстандагы “көмүскө экономиканын” көлөмү 70% жакын. Ага биралдын салыктардын көптүгү, чайлап-коолаган коррупция да ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө. Буга кошумча салык жашыргандыгы үчүн төлөнчү айыппул банктан алган кредит акчанын үстөк пайызынан арзан.

Парламент депутаты Темир Сариевдин ырасташынча, Кыргызстанда «көмүскө экономиканын» 70% чыгып кетишине шарт түзгөн шарт-жагдайлар мына булар.

- Салык системасынын туура эмес болгондугунан алар кош бухгалтерия жүргүзүшүп, өздөрүнүн көлөмдөрүн көргөзбөй жатат. Ушулардын баары чогулуп келип экономикага терс таасир тийгизип, кыйынчылыктарды туудуруп жатат.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдырахмановдун айтуусунда, салыкчылар айрым учурда бийликтин камчысын чаап, бизнесчилерди тынбай текшерип, алардын сесин алыш үчүн, таасир көрсөтүүнүн аркыл ыкмаларын колдонушат.

- Бардык салыктары ордунда турса дагы текшерүүчү жиберип, туура эмес деп жазып алып кетип калышкан.

Бирок да мындай пикир менен Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитeттин төрагасы Токтобек Акматов макул эмес. Анын пикиринде, чарбалык субъекттер менен салыкчылар ортосунда чыккан талаш-тартышты караган 1200 ашуун сот жараянында негизинен салыкчылар утуп чыгышкан.

Өткөн жылы салыкчылар Бишкектеги биртоп базарлар менен кафе-ресторандарды документалдык текшерүүдөн өткөрүшкөн.

- Бишкектеги “Фаиза” кафесин алалы. Алар ай сайын 60 миң сом төлөп турушкан. Кафеге келгендердин санын иликтеп чыккандан кийин салыкты 2 миллион сомго чыгардык. Же болбосо айланма жолдун боюнда турган “Апшерон” кафесин алалы. Алар кирешесин көрсөтүп 1400 сом ай сайын төлөшчү. Эми ойлонуп көрүңүздөр, үч-төрт киши түштөнүүгө кирип, шишкебек, пиво алып отурса ошончо акча кетет. Эми ал кафе айына 1 миллион 200 миң сом төлөйт,- дейт Токтобек Акматов.

Бишкектин борборундагы айрым кафе, ресторандар кирешесин жашырып, азыноолок акча төлөп, салыктан качып жатышынын толгон-токой мисалдарын келтирсе болот, деп билдирди Т.Акматов.

Салык кызмат жетекчисинин айтуусунда, айтылуу “Дордой” базары өткөн жылкы кылдат текшерүүдөн кийин ай сайын 7 миллион сомдун ордуна 14,5 миллион сом салыкты төлөөгө өткөн. Салыкты жашыруу жалгыз эле кафе, ресторандар эмес, ири ишканаларда да орун алган.

- Мисалы, “Кумтөр”, 90 миллион ашуун сомду салыктан жашырып коюшкан. Биздин кинеге макул болбой сотко кайрылышып, туура эмес деп, бирок да аягында төлөп беришти. Же энергокомпаниялар. 299 миллион сомду жашырып коюшкан. Алар да сотко беришти, соттордун баарынан биз утуп алдык,- дейт Т.Акматов.

Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев жаңы Салык кодекси боюнча талаштуу делген иштердин текши баары салык төлөөчүнүн пайдасына чечилет деп билдирди.

- Бир эле жерде кичине карама-каршылык болуп калса бул жанагы жаңы Салык кодексинин долбоору боюнча салык төлөөчүнүн пайдасына чечилет. Мындай эч бир дүйнөдө жок.

Кыргызстанда кыйладан бери “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу демилгеси көтөрүлөт. Бирок да маселенин баары коррупцияга такалып, сөздөн ишке өтүү байкалбай жатканы да белгиленип келатат.

XS
SM
MD
LG