Орус президенти Владимир Путин Катар мамлекетине болгон иш сапары учурунда ОПЭК сыяктуу эл аралык уюшманы түзүү идеясын колдоду. Президент Путин жана Катардын эмири Хамад бин Халиф ал-Тани Дохада өткөн жолугушуу учурунда газ тармагында кызматташуу жөнүндө сүйлөштү. Кечээ Путин Сауд Арабиясында болуп, падыша Абдуллага атомдук кубатты өнүктүрүүгө жардам берүү жөнүндө убада кылган эле.