Расмий Тегеран америкалык аскерлердин Иран өкмөтүнүн жогорку кызматтагы чиновниктери ирактык согушкерлерге жардыруучу куралдарды сатууда деген айыптоосун четке какты. 11-февралда Ирактагы америкалык командачылыктын атын атабаган өкүлдөрү аткезчилик жолу менен Иракка жеткирилген мындай бомбалардан америкалык жүз жетимиш жоокер курман болуп, алты жүздөн ашууну оор жараат алган деп билдирүү тараткан. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мохаммед Али Хусеини ушундай билдирүүлөрдү Иранга каршы үгүттүн мисалы катары сыпаттады.