Бул тууралуу Ислам конференциясы уюмунун Башкы катчысы Экмеледдин Ихсаноглу билдирди. Рейтер агенттигине берген интервьюсунда Ихсаноглу Ирактагы жарандык согуш Жакынкы Чыгыш үчүн тозоктун эишигин ачат деп эскертти. Баш катчынын айтымында, демократиялык конституцияга негизделген суверендүү Иракты куруу учурдун негизги максаты болууга тийиш.