Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

ЖАСАГАНЫБЫЗДАН АШАГАНЫБЫЗ КӨП


«МСН» гезити, ревлюциядан бери көмүр, газ,нефти өндүрүү, электр лампаларын, кант, жашылча-жемиш консерваларын чыгаруу төмөндөгөнүн, айрыкча эегенмдүүлүктүн 15 жылынан бери мамлекетти башкаруучулар менен коомчулук биргелешип, өлкөнү талкалап, талап-тоноо өнөрү менен шугулданып келатканын, анан абройлуу трибуналарда кыргыз элинин башка элдерге караганда өзгөчө эл экендигин, анын патриоттуулугу укмуштай күчтүүлүгүн, билимдүүлүгүн, алдында кандай кыйынчылык болбосун жеңип чыгаарын кооз сөздөр менен айтып күпүлдөп турушарын белгилейт. Эгер чын эле ошондой бай тарыхы, терең нарк-насили бар калк болсок, эмне үчүн вандализмди токтото албайбыз, эмне үчүн бизде бир нерсени куруп-оңдоюн дегендерге караганда, уурдап-тоноюн, бузуп-сатайын дегендер көп, деп жазат гезит. Мисалы дейт, керек болсо Орусиянын Сибири менен Ыраакы Чыгышын, алтургай кең Маскөөнүн өзүн кыргыздын эти, жашылча жемиши менен камсыз кылып кое алат деп көкүрөк урган Кыргызстандын өзү жыл сайын эт-аш менен малдын майын, жашылча-жемиштерди сыртан сатып алып жатат. 2005-жылы ушул өңдүү чет элдик азык түлүктөрүн биздин өлкө 148 миллион долларга сырттан сатып алса, өткөн жылы андай сооданы дагы 221,2 миллион долларга көбөйттү. Айтор, бизде рынок деген неме дагы эле буту менен эмес башы менен басып жүрөт, дейт «МСН».

«Кыргыз туусу», бир учу Чыгышты, бир учу Батышты чапчып жаткан Орусиянын калкынын саны 1 миллиондой адамга азайып кеткенин, элинин 60 пайызга жакынын пенсия жашындагылар түзүп калганын, мындан чочуган орус бийлиги өзүн өзү сактоо программасын иштеп чыккандыгын далилге тартып, кыргыздардын тышкы агымын токтотот деген Камбар Ата-1, Камбар Ата-2 ГЭСтери, алюминий заводу өңдүү ири курулуштар башталмайын кыз-уландардын чет өлкөлөргө сапары токтобой тургандыгын, Кыргызстан бир карасаң, Орусия менен Казакстанга арзан жумушчу күчүн даярдап берүүчү «питомник-инкубаторго» айланып калганын жазат.

«Агым» гезити эртең «Ак кеме» мейманканасында, саат 12де, «Ар Намыс» партиясынын лидери Ф.Кулов саясый партиялар, парламент, эларалык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп билдирүү жасарын, экс-премьер-министр учурдагы саясый кырдаалга баа берип эле тим болбой, президент Бакиевдин ишмердигин да сынга аларын кабарлады. Ал ошондой эле эки күн мурда «Ата Мекен», «Ар Намыс» партия башчылары Ө.Текебаев менен Э.Алиев жана алардын жан-жөкөрлөрү жыйын куруп, бир кезде пайда боло калып дымып калган «Элдик конгресс» дегендин ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу жаатында пикирлешкенин маалымдады.

«Эркин тоо» гезити Борбор Азия Америка университетинин вице-президенти, профессор Бакыт Бешимовдун гезит окурмандары менен суроо-жообун басты. Ошол көп суроолордун биринде Б.Бешимов мырза, тышкы карыздан кутулуунун жолу барын, ал үчүн катуу тартип орнотуп, казынаны уурдап-талап жаткандарга бөгөт коюу зарылдыгын, Кыргызстанды 2 миллиард доллар карызга батырган мекеме-ишканалар, министрликтер, жеке адамдардын баары эле элге дайын экенин, болгону ошолорду жоопко тартуу керектигин, жетекчилер тазаланмайын эл тазаланбасын айтып жооп берген.

"Кыргыз руху" гезити бирөөлөр тарабынан өрттөн зыян тарткандыгына байланыштуу жарык көргөн жок. Бирок «Агым» гезитинин соболуна берген жообунда гезиттин редактору Б.Таштаналиев, редакциянын 15 жылдык тарыхы, архивдик материалдары бүтүндөй өрттөлүп кеткенин, бул атайын гезиттен өч алуу үчүн жасалганын маалымдады.

«Азаттыктын» окурмандарынын эсине сала кетели. «Кыргыз руху» гезити акыркы күндөрү КРпрезиденти К.Бакиевдин иш башкаруучусу Темирбаев мырзанын ишмердүүлүгүнө байланышкан биртоп ачуу макалаларды жарыялап келген. Редакцияга жарылгыч заты бар бөтөлкө ыргытмай «оюну» Акаев доорунда «Асаба» гезтинде да болгон. Анда ал кездеги бийликтин чаңын тазалагыч гезитттердин бири «Эркин тоо» Эсенбай Калдаров деген автордун оозу менен, «Асаба» гезит жамааты атайын А. Акаевди жаманатты кылыш үчүн « өзүн өзү өрттөдү» деп жазган эле…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG