Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫН ЧЕКТӨӨ ДЕМИЛГЕСИ КАЙРАДАН КӨТӨРҮЛДҮ


Кыргызстанда митингдерге, нааразылык акцияларына, жөө жүрүштөргө чек коюу демилгеси быйыл кайрадан көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуштаганы жатат. Мындай демилге коомдук-саясий чөйрөдө Конституцияга каршы мыйзам катары бааланып, ишке ашпай турган демилге катары белгиленүүдө.

Депутат Мурат Жураевдин негиздегенине караганда, мораторий өлкөнүн туруктуу өнүгүшү, Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүү үчүн зарыл:

- Бул саясий митингдерге гана чек коет. Баягы «Реформа үчүн!» кыймылынын апрель, ноябрдагы «Бакиев кетсин!», «Кулов кетсин!» деген өңдүү чакырыктар менен коштолгон митиндерди болтурбоо максатында долбоор даярдаганбыз. Себеби, эки жылдан бери биздин саясий ахыбалыбыз, имиджибиз да түшүп кеткен. Казакстан, Тажикстан, дегеле дүйнөлүк коомчулуктун бизге көз карашы жаман болуп атат да. Саясий стабилсиздиктин экономикалык жагына да тиешеси бар экен да. Ошондуктан, биз бир жылга киргизип атабыз. Долбоорду комитетке (Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитети – авт.) бүгүн бердик. Мен ойлоп атам, эмки дүйшөмбү же шейшембиде бул парламентке чыгат.

Жураевдин ишениминде, бул демилге Конституция же башка мыйзамдарга каршы келбейт, анткени, бул убактылуу чара катары саналат. Мыйзам кабыл алынып калса, саясий акцияларды уюштуруучулар биринчи жолкусунда администрациялык жаза катары 50 миң сом, экинчи жолкусунда 100 миң сом айып пул төлөмөкчү.

Кыргызстанда айрыкча быйыл тынчтык болушуна тилектештигин Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. Бул оюн ал Шанхай Кызматташтык уюмунун ушул жайда Кыргызстанда өтө турган саммити менен байланыштырды:

- Быйыл Кыргызстанда чоң чогулуш болот. Тынчтык бизге керек. Туризм да келатат. Талаш-тартыш, кечке эле митинг жүрө берсе, талкалануу, уурдоо, зордук-зомбулук болсо, эч ким келбейт. Уят эле болобуз. Мен Жогорку Кеңештин юридика бөлумүнө тапшырма бердим, бул мыйзамдын мыйзамдуулугун карап көргүлө деп.

Долбоор Конституцияга каршы келет деп эсептеген көпчүлүктүн катарында терс көз карашын билдиргендердин бири Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов болду:

- Конституцияда эч кандай мүмкүнчүлүк жок, Конституциянын кандайдыр бир жоболорун кандайдыр бир убакытка чейин мыйзам менен токтотуп койгонго бизде андай мүмкүнчүлүк жок.

Бирок, Марат Султанов нааразылык акцияларын, жөө жүрүштөрдү, митингдерди иретке келтирүү жөнүндө мыйзам иштеп чыгуу зарылдыгы бар, бул мыйзамга да, эл аралык нормаларга да туура келет дейт төрага.

Анткен менен, демилге «Реформа үчүн!» кыймылын колдогон жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан кескин сынга кабылууда. «Интербилим» уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева долбоор депутаттын жеке идеясы экенине ишенбейт. Анын көз карашында бул бийликчил күчтөрдүн демилгеси болушу толук ыктымал:

- Эми бирөөлөр чыкты деп эле дагы бир мыйзам чыгарсак. Ал Конституцияга каршы келе элек, биринчиден. Экинчиден, мамлекет өзүн коргогондун ордуна, тескерисинче, элдин муктаждыктарын, көйгөйүн жоюш керек. Эл менен иштеп, элдин өнүгүшүнө шарт түзүп бериш керек. Демонстрацияга тыюу салам, дагы бир несени токтотом дей берип, эми биз эмне Түркмения болобузбу?

24-марттан кийин Бишкек шаар бийлиги нааразылык акцияларын чектөө тууралуу токтом кабыл алып, ал кийинчерээк коомчулуктун талабына ылайык шаардык кеңеш тарабынан жокко чыгарылган. Нааразылык акцияларын чектөө демилгесин азыркы баш прокурор Камбаралы Конгантиев депутат кезинде көтөрүп чыккан болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG