Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

15:42 Амангелди Муралиев: Кыргыз футболун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо жетишпейт


Амангелди Муралиевдин айтымында, өлкөдө футбол оюну менен бирге социалдык проблемалар чечилүүдө. Бут топ ойногондордун саны 25 миң адамга жетип, алардын арасында тамеки чеккен, нашаа тарткан же арак ичкендер аз. Бирок, футболго мамлекеттик колдоо өз деңгээлинде көрсөтүлбөй келет. Кыргыз футболун өнүктүрүүгө мамлекеттик казынадан каражат бөлүнбөйт. Жогорку лигада ойногон футболчулардын айлык акысы бир жарым миң сом болгондуктан мыкты спортсмендер айына 500 доллар төлөгөн Казакстандын командаларына кетип калууда. Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев бул сөздөрүн 13-февралда Жалалабат облбийлигинде өткөн активде айтты.(YA)

XS
SM
MD
LG