Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

ПАРЛАМЕНТ 2006-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИНИН АТКАРЫЛЫШЫН СЫНГА АЛДЫ


13-февралда парламент өткөн жылдын бюджетинин аткарылышын карай баштады. Депутаттарга ал маселе боюнча каржы министри Акылбек Жапаров маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү кошумча түшкөн 1 миллиард 800 миллион сом каражаттын парламенттин макулдугусуз пайдаланылганына нааразылык билдиришти.

Акылбек Жапаровго сөз берилерден мурда депутаттар алдына премьер-министр Азим Исабеков чыгып сүйлөп, бюджет маселесин, анын ичинде быйылкы жылдын бюджетин тезирек карап берүүнү депутаттардан өтүндү. Өкмөт башчы Кумтөрго байланыштуу сүйлөшүү болорун, ага депутаттардан өкүл кошууну өтүндү:

- Кумтөрдүн жетекчисине төрт позиция боюнча кат жаздым эле. Алар Центерраны Элдорада компаниясына кошолу деп жатышат. Мен аны токтотуп калдым. Эртең алар сүйлөшөлү деп күтүп жатышат. Өкмөттөн өкүлдөр болот, анан депутаттардан арасынан үч-төрт кишини сунуштасаңыздар жакшы болот эле.

Каржы министри Акылбек Жапаров 2006-жылдын бюджетинин аткарылышын баяндоодо 1 миллиард 800 миллион сомдун кайда жумшалганын айтууга аракет жасады. Бирок депутаттар бул акчаларды жумшоодо парламенттин макулдугу керектигин эскертишти. Каржы министри ага макул болуп, быйылкы жылдан тарта бул багытта атайын мыйзам кабыл алынып, кошумча каражат Жогорку Кеңештин комитетинин макулдугу менен пайдаланылып, ар бир үч ай сайын парламентке маалымат берилерин айтты.

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков өкмөт башчысын, каржы министрин жана бажы комитетинин төрагасын бул маалыматтарга көңүл бурууга чакырды:

-Биздин бажы кызматтын быйылкы берген маалымат боюнча, өткөн жылы Кытайдан 248 миллион долларлык товар келип түшүптүр. Ал эми Кытай мамлекетиндеги кыргыз элчилигинен алынган расмий кат боюнча эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 миллиард 900 миллион доллар болуптур. Жакшы, кытайлар таразага тартканды билбейт экен. 900 миллион долларды таразага деп кечейли. Анда 800 миллион доллар кайда кетти?- деген суроону койду Ахматбек Келдибеков.

Буга аткаруу бийлигинен жооп болгон жок. Ал эми депутат Темир Сариев өкмөттүн экономикалык саясаты жоктугун, мүлк бөлүштүрүү уланып, ишкерлер өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, бажы тармагында кирешелер эсепке толук алынбай жактанын белгиледи. Депутат Иса Өмүркулов «Манас» аба майданын ижарага берүүдөн канча каражат түшүп жатканын сурады. Ага каржы министринин жообу мындай болду:

-2006-жылга чейин ижара акысы үчүн бир тыйын да алган эмес. Ал эми кыйыр түрдө беш жыл ичинде бюджетке 40 миллион доллардай алдык. Өткөн жылдагы сүйлөшүүдөн кийин 17 миллион 400 миң доллар бериле баштайт.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар 2006-жылдын бюджетинин аткарылышын канааттандырарлык эмес деп табууну сунушташты. Маселени кароо бейшемби күнү улантылат. Андан кийин депутаттар быйылкы жыл үчүн бюджет долбоорун кароого киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG