НАРЫН. 13-февралда Нарын шаарынын борборунда өткөн митингди курамына ар түрдүү саясий партиялар, бей өкмөт уюмдар болуп, жалпысынан 30га чукул мүчөсү бар “Биримдик” ассоциациясы өткөрдү. Катышуучулар мурдагы Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын азыркы айыл банкынын Нарындагы филиалынын башчысы Улан Кыдыралиевге нааразычылыгын билдиришти. Себеби өткөн жылдын 27-октябрында митинг болуп андагы сөздөрдү “Агым” гезитине жарыялайсыңар деп аталган ассоциациясынын жооптуу катчысы Төлөгөн Ашыралиевди сотко берген. Айыл банкынын башчысы Баш мыйзамдын 16-беренесинин 9-пунктун бузду жана кредит берүүдөгү башаламандыктарды жоюп бериңиздер деген маанайда мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту. Ага 40ка чукул адам катышты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келген жок. (JI)
18:07 Кыргыз айыл чарба корпорациясынын Нарындагы филиалынын ишине нааразы болгондор митингге чыгышты