БЕЙРУТ. Бүгүн Ливандын Бикфая шаарынын жанында эки автобус жардырылып, андан үч киши курман болуп, 17 киши жараат алды. Андан мурда 11 киши курман болгондугу жөнүндө маалымдалган эле. Бикфаяда негизинен христиандар жашайт. Ушул күндөрү мурдагы премьер Рафик Харининин курман болгонуна 2 жыл толууда, буга байланыштуу Ливанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.