Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

ӨЗӨКТҮК ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ ЗАРЫЛ


Түркиянын баш калаасында "Өзөктүк терроризмдин кантип алдын алуу керек" деген темадагы эки күндүк конференция өз ишин аяктады. Өзөктүк материалдардын жайылуусуна бөгөт койуу максатын көздөгөн жыйынга өзөктүк куралга ээ беш өлкө, алардан сырткары Казакстан, Япония, Марокко, Канада, Австралия менен Түркия катышты.

Өзөктүк Терроризмге Каршы Күрөшүү боюнча Глобалдык Демилге деген уюм ушуну менен экинчи конференцияны өткөрдү. Россия жана АКШ тарабынан былтыр негизделген уюм өзөктүк материалдардын таркатылуусун катуу көзөмөлгө алып, өзөктүк терроризмди болтурбоо максатын көздөйт.

Лондондук изилдөөчү Пол Корништин айтымында, өзөктүк материалдардын бир аз эле өлчөмү олуттуу коркунуч жарата алат, ал эми андай көлөмдөгү плутонийди илимий тажрыйбалар жүргүзүлгөн көптөгөн лабораториялардан тапса болот.

Лабораторияларда кеминде 10-20 килограммга чейин байытылган уран сакталат, дейт Пол Корниш.
Эксперт өзөктүк материалдарды сактоодо кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Россияны атады:

-Мен азыр Россияны атайт элем, бирок ал акыркы 10 чакты жылдын ичинде өзөктүк материалдарын сактоону коопсуздандыруу боюнча эл аралык коомчулуктун жардамы менен бир топ иш жүргүздү. Өзөктүк заттарды кулпуланган жеринен алып кеткен учурлар Батышта да жок эмес экенин эстен чыгарбоо керек ,-дейт Корниш.

Эксперттин айтымында, коркунучтуусу террористтер бомба жасап чыгарууга, же болбосо айлана-чөйрөнү булгоого жарактуу өзөктүк материал топтошу мүмкүн. Эгерде алар жетиштүү инженердик билимге ээ адамдарды пайдаланса бомба жасап чыгарууга кудуреттүү болуп калышат. Бирок ошону менен бирге эле ан үчүн террористтерге уранды байытууга туура келет, ал эми бул татаал жана узак процессти ишке ашырууга өзөктүк реактор сыяктуу татаал жабдуулар жана башка шарттар зарыл дейт эксперт.

Конференцияда ошондой эле орто алыстыкка учуучу ракеталарды таркатпоо маселесин да талкуулашты.
1987- жылы Россия жана АКШ орто алыстыкка учуучу ракеталарды жок кылууга макулдашкан. Бирок Россиянын коргоо министри Сергей Иванов кансыз согуш учурунан калган бул макулдашуу өзүнүн актуалдуулугун жоготуп койгонун, анткени андай куралга ээ өлкөлөрдүн катарына Пакистан, Кытай, Индия, Түндүк Корея менен Израиль кошулганын, андыктан макулдашууну жоюу керектигин айтат.

Бирок Швециянын тынчтыкты изилдөө институнун кызматкери Шэннон Кайл мындай көз караш жыңылыштык болорун, тескерисинче бул келишимди кеңейтип, ага алдыда аталган мамлекеттерди кошуу керектигин белгилейт.

-Орто алыстыкка учуучу ракеталар жөнүндөгү келишимди тескерисинче кеңейтип, ага Түндүк Кореяны, Иранды жана Жакынкы Чыгыш менен Азиянын баллистикалык курал чыгарууга аракеттенген өлкөлөрүн кошуу керек ,- дейт Шэннон Кайл.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG