«Дело №…» гезити, мамлекеттин саясаты мурдагыдай эле Кыргызстандын кумар оюндары ойнотулчу базар менен аныкталап келатканын, демек, экс-президент А.Акаев түзүп кеткен коррупциялык система анын мураскорлору тарабынан мурдагыдай эле жемиштүү улантылып жатканын жазды. Акаевдин уулу Айдар Акаев да ашкан кумарпоз бала эле, ал каржы министрлигинде кеңешчи болу туруп, ири өлчөмдө уттурган акчасынын эсесин кайра ошол эле казинолордон чыгарып, алардын лицзензияларын тартып алып коер эле, деп, өткөн-кеткенди эске салган гезит, Бишкекетеги кумарчы жайлардын (казинолордун) артында өтө чоң адамдар турарын, алтургай арасында депутаттар барын, укуктук өлкө куруп жатабыз деп мактанганды жакшы көргөн өлкөдө кумар ойнолчу жайлардын куйругу керек болсо бейкүнөө сойлоп бараткан жыланды эле эмес, бакандай өлкөнүн баш милийсасын да жыга чабарын, анын көздөй мисалы, кумарчы жайлардагы мыйзамсыздыкты мыйзам кынына киргизе коем деп садагага чабылган Ө.Суваналиев болгонун жазды.
«Белый пароход» гезити, өлкөнүн тышкы саясатта дагы эле айкын позициясы жоктугуна токтолуп, анын бир далили катары, Америка бийлигине кошулуп, эларалык терроризмге каршы күрөшкөн түр көргөзүмүш болом деп атып, өзүн курчап турган ислам дүйнөсүнүн кылапатына калып келатканын, жүргүзгөн саясатында өз жүзү жок өлкөлөрдү азуусун Айга бүлөгөн мамлекеттер бир күнү заматта четке түртүп салып баса берерин, мындай «жакшылык» санагандар Кыргызстандын өзү түшчү аңгегин өзүнө каздырып жатканын сөз кылды.
«Энесай» гезити, республиканын салык жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасы Т.Акматовдун жетекчилик ишмердүүлүгүн сөз кылууга мезгил жеткенин кыйытып, Бишкек шаарынын салык инспекция начендиктеринин баары ай сайын Акматовго барып «кол кесер» берет дешерин, Акматов «Дордой» базарынан контейнерлерди белекке алганды жакшы көрөрүн, дээрлик бардык ири соода түйүндөрү ай сайын анын алдынан өтүп турарын «Башкы салыкчынын былыктары» деген макаласы аркылуу жалпыга жайды.
Жакындан бери парламент гезити катары жарыкка чыга баштаган «Кеңеш» гезити, философ К.Канаевдин ХИПИКтин оң-солун талдоого алган макаласына орун берди. Автор, коомчулукта бүгүн бул программага кирсең да жаман, кирбесең да жаман дегендей абал түзүлгөнүн, банкрот болуп, социалдык-экономикалык жактан кадыр-баркынан ажырап, Батыш өлкөлөрүндө өспөй токтоп калган деген жаманатка ээ болгон Африка жана Латын Америка өлкөлөрү менен насиптеш болуп каларыбыздын өзү эле өңгөнү кой, КМШдагы өнөктөштөрүбүздүн алдында кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларын, анткени бул программага алардын бири дагы кирбегендигин, начар деген Тажикстан да карызы толугу менен кечириле турган, бирок өзүнө өзү кожоюн болуп кала берчү бөлөк программага киргенин сөз кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ