Ооган президенти Хамид Карзайдын кеңсеси тараткан маалыматка ылайык, Карзай Түркмөнстанда президенттин ант берүү аземинен кийин Британия жана Италиягы иш сапары менен барат. Британияда Карзай премьер-министр Тони Блэр менен жолугушуп, Ооганстандагы террорчулук жана баңги зат маселесин талкууламакчы. Римде Карзай президент Жоржио Неполитано жана премьер-министр Романо Проди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Учурда Ооганстанда Британиянын беш миң эки жүз, Италиянын эки миң жоокери кызмат өтөп жатат.