НАТО күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Банц Крэддок уюм мүчөлөрү талибдерге каршы согушууга жетерлик аскер жөнөтпөй, Ооганстандагы жоокерлердин өмүрүн коркунучка калтырууда деп билдирди. Анын айтымында Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн контингенти 93-94 пайызга толукталган. 8-февралда Испанияда өткөн Коопсуздук күчтөрүнүн конференциясында генерал Крэддок НАТОнун Коргоо министрлерин кошумча аскер жиберүүгө үндөгөн эле.
Банц Крэддок Ооганстанга кошумча күчтөрдү жиберүүгө макул болбой жаткан өлкөлөрдү сынга алды