Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

КУМТӨРДҮН ТАГДЫРЫ ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ТАРАЗАДА


Бүгүн Москвада Кумтөр кени боюнча канадалыктар менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Анда кыргыз тарап Кумтөр кенинен мамлекетке көбүрөөк пайда түшүрүүнү каалап жатса, канадалыктар Центерраны Элдорадо аттуу компанияга кошуп жиберүүнү көздөөдө.

Москвада болуп жаткан сүйлөшүүгө кыргыз тараптан кимдердин катышаарын премьер-министр Азим Исабеков 13-февралда парламентте билдирген:

-Өкмөттөн биринчи вице-премьер-министр, каржы министри Жапаров, юстиция министри Кайыпов, гелогия жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Зубков, «Кыргызалтындын» башчысы Жакыпов барат.

Азим Исабеков өкмөттүк делегацияга депутаттардын да кошулушун суранган. Бирок депутаттар сүйлөшүү Москвада эмес, Бишкекте болуш керек деген жүйөнү айтып, барышкан эмес. Бул сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап эмнеге жетишүүнү каалап жатканын «Кыргызалтындын» башчысынын орун басары Максат Жаналиев «Азаттыкка» мындайча маалымдады:

-Негизинен бир сөз менен айтканда Кыргызстанга түшүүчү пайданы көбөйтүүнү талап кылып жатабыз. Тактап айтканда, салык төлөмдөрүн көбөйтүү, жумушчулардын айлык акыларын чет өлкөлүктөрдүн деңгээлине чыгаруу, Кыргызстандын мыйзамына ылайык ошол жердеги элге төлөнүүчү жеңилдиктерди көбөйтүү, концессиялык төлөмдүн баасын көтөрүү, жер боюнча салыкты кайра карап чыгуу. Жалпылап айтканда, Кыргызстан үчүн пайданы көбөйтүүнү көздөп жатабыз.

Жаналиевдин айтымында, бул маселелерди чечүү Центерра Элдорадага кошулуп кеткенден кийин кыйынчылыктарга туш болот. Ошондуктан Москвадагы жолугушуу биздин демилге менен болуп жатат, деп белгиледи Жаналиев.

Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири болгон Кумтөр кени 1992-93 жылдардагы келишим боюнча канадалыктарга берилген. Анда алгач алтын кенин иштетүүдөн түшкөн пайданын 30% канадалыктарга, калганы Кыргызстанга деп караштырылган.

Бирок 2003-жылы Николай Танаевдин өкмөтү Камеконун сунушу менен Кумтөр кенин кошуу менен Центерра голд компаниясын түзүүгө барган. Ал компаниянын 70% жакын акциясы Камекого, калганы Кыргызстанга тийген. Мындай бөлүштүрүүгө парламент каршы чыгып, эки жолу тийиштүү токтом кабыл алган. Бирок ага карабай кийичерээк Танаевдин өкмөтү Центеррадагы акциянын бир бөлүгүн 80 миллион доллардан ашуун акчага саткан.

Азыркы учурда Кыргызстандын колунда «Центерранын» 15% ашуун акциясы калган. Ал 395 миллион доллардын тегерегинде бааланууда.

Өткөн жылдын июнь айынан бери иштеп жаткан Жогорку Кеңештин алтын боюнча комиссиясынын мүчөсү депутат Эркин Байсаловдун айтымында, комиссия дал ушул келишимдердин үстүнөн иштеп жатат:

-Азыр Кумтөр боюнча алгачкы келишим кандайча түзүлгөн ошондон баштап иштеп жатабыз. Андан кийин Жогорку Кеңеште кандай токтомдор кабыл алынган, өкмөттө кандай токтомдор кабыл алынган. Баарын тең карап жатабыз.

Бирок белгилей турган нерсе, Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү болгону 15% гана. Ошондуктан канадалыктардын Центерраны Элдорадага кошуу чечимине Кыргызстандын таасир этиши кыйындыгын депутат Эркин Байсалов моюнга алат:

-Албетте, чечим кабыл алдыртпай коюучу акциянын пакети Кыргызстанда жок. Чынын айтыш керек. Бирок биз Кыргызстандын үлүшүн көбөйткөнгө аракет кылабыз.

Ал эми «Кыргызалтындын» башчысынын орун басары Максат Жаналиев бул маселеге карата мындай пикирин айтты:

-Центерра эл аралык аброю чоң компания экен. Анан аларга ошол аброй керек. Ошондуктан алар бир жактуу чечимге барбайт болуш керек.

Жаналиев мырза, канадалыктар Центерраны Элдорадага кошууну өндүрүштү күчөтүү зарылчылыгы менен байланыштырып жатышканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG