Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

ТҮРКМӨНСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНА КИРИШТИ


Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухаммедов президенттик кызматына киришти. Ал бүгүн элдик бийликтин эң жогорку өкүлчүлүктүү органы – Халк маслахатында биринчи президент Сапармурат Түркмөнбашынын жолун улантканга, шайлоо алдындагы бардык убадаларын аткарганга ант берди.

Халк маслахатында борбордук шайлоо комиссиянын башчысы президенттикке талапкер Гурбангулы Бердымухаммедовду колдогондор 90 процентке чукул болгонун маалымдады. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 98 проценттен ашыгы катышкан эле.

Жаңы президент он алты жылдан кийин өлкөдө биринчи ирет өткөрүлгөн шайлоого баа берип, түркмөн калкы, жалпы дүйнө эли талапкерлер арасындагы атаандаштык ачык жана акыйкат өткөнүнө күбө болушту, деп ырастады.

Гурбангулы Бердымухаммедов быйыл бири кем элүүдө. Кесиби врач,тиш доктуру. 1979-жылы Ашхабадда мединститутту бүткөн соң кафедрада калып,дарс окуган, декандыкка чейин жеткен. Андан соң Сапармурат Ниязовдун жеке дарыгери болуп иштеген. Ниязов аны адегенде саламаттык сактоо министри кылып көтөрүп, бир нече жыл мурда вице-премьерликке дайындаган. Былтыр декабрда Түркмөнбашы капыстан каза тапканда таажия башында турган.

Бердымухаммедов шайлоо алдында калкка бир катар социалдык жеңилдиктерди убада кылган эле. Анын айткандарына ылайык, өлкөдө жаңы жумушчу орундар түзүлөт, завод-фабрикалар курулат,чакан бизнеске мүмкүнчүлүк берилет, менчиктештирүү ишине көңүл бурулат. Эң жаңы технология – интернет ар бир адамдын колу жеткен иш болуп калат,айлык акылар өз маалында төлөнөт,үй кургусу келгендер узак мөөнөттүү насыя алалат,пенсиялык төлөмдөр жогорулатылат. Буга кошумча билим берүү системасы реформаланат,маданиятка маани берилет.

Халк маслахатындагы бүгүнкү сөзүндө ал ушул убадаларын аткара турганына ишендирди.

Түркмөнстандагы шайлоону ОБСЕнин адам укуктары боюнча докладчысы,испаниялык саясатчы Хесус Лопес-Медел театрлаштырылган оюнга окшоштурса, уюмдун демократиялык институттар боюнча бюро директору Кристиан Штрогал бул саясий өнөктүккө Батыштан байкоочулардын чакырылганын оптимизм жараткан ишке жоруду.

Оппозиция өкүлдөрүнө жаңы бийликтер өлкөгө киргенге жана шайлоого катышканга уруксат беришкен жок. Өлкөнүн мурдагы вице-премьерлеринин бири,ушу тапта Швецияда турган Худайберды Оразов түркмөн газына жана геосаясий мүдөөлөргө гана кызыгып, Ашхабаддагы “хунта менен араздашкысы келбей жатканы үчүн” Батышты айыптады.

Түркмөнстандын жаңы президентин алыс-жууктан келген жоон топ мартабалуу коноктор куттукташты. Алардын арасында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков Бердымухаммедов менен жолугуп,ага Путиндин саламдубайын тапшырды. Ашхабадда ошондой эле түркмөн газына кардал болгон башка өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү да болушту.

XS
SM
MD
LG