Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

БАЛЫКЧЫДАГЫ “ДАН АЗЫК” ИШКАНАСЫНА КАЧАН ЖАН КИРЕТ?


Кезинде өнөр жай тармагы боюнча алдыңкы катарда турган Балыкчы шаарынын азыркы абалы тууралуу түрдүү сын-пикирлер айтылууда. Керамзит, эт, буудай иштетүүчү ири ишканалар иштебей, имараттары бош турат. Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы алардын ичинен казак ишкерлерине сатылып кеткен “Дан азык” акционердик коомуна баш баккан.

Союз убагында суткасына 100 миң тоннадай буудайды кайра иштеткен бул ишкана ошол мезгилде миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылып турган. Балыкчы шаарындагы эң ири болуп эсептелген бул өндүрүштүк ишкананы Жогорку Кеңештин мурунку курамына ушул аймактан депутат болгон (облустун азыркы губернатору) Кыдыкбек Исаев менчиктештирип алган. Комбинат негизинен Казакстандын буудайынан продукция өндүргөндүктөн 2000-жылдары 76 пайыз акциясы казак ишкерине сатылып кеткендигин директордун орунбасарынын милдетин аткаруучу төмөнкүдөй чечмеледи:

- 76 пайыз акциясы казак кишиники. 2006-жылы Казакстандан 500 тонна буудай келип бир жумадай иштеген. Андан бери иштебей турат.

Канат Керимовдун айтуусунда ишкананын 5 пайыз акциясы жумушчуларга таратылган. Күнүнө 240 гана тонна буудайды кайра иштетүүдө казак ишкерлери чыгымга учурап, өндүрүштү алдыга жылдыра албай калганын ал минтип ырастады:

- Сырье жок. Биздин акционерлер “Дан азыктын” башкармасы болуп эсептелет. Ал киши 2006-жылдан бери келе элек. Салык төлөмдөр көбөйүп атат. Алар ушул маалда сотко беришкен. Соцфондго карыз азыр 150 миңдей.

“Дан азык” комбинатын казак тараптан эки кыргыз ишкерлери кайра сатып алса деле өндүрүштү оңдоо мүмкүн эместигин белгилеген жетекчинин орунбасары Канат Керимов жабдыктарын жаңыртып чакан ишканага айландыруу зарыл деди. Анткени комбинат сарыптаган электр кубаттуулугу кеткен чыгымды актабайт экен. Ал эми 2000-жылдары суткасына 30-40 миң тонна буудай иштетип турганда аны казак ишкерлерге кымбат баага сатып ийгенин мойнуна алган Кыдыкбек Исаев буларга токтолду:

- Акция меники менен казактардыкы болчу. 2000-жылы мен акцияларымды казактарга сатып жибергем. Казактар алгандан кийин иштете албай коюп, бүгүнкү күндө иштебей турат, - деди бул ишкананын мурдагы наркынан эми арзан баага сатып алынаарын кошумчалаган губернатор Кыдыкбек Исаев.

Жакында губернатор менен Балыкчы шаарынын башчысы Казакстанга барып ишкананы токтотуп койгон ээлери менен сүйлөшүп келгени аныкталды. Анда “Дан азык” комбинатынан ун чыгарууну менен чектелбей, күйүүчү майга аралаштырып бензиндин сапатын жогорулатуу биотонал деген жаңы кошулманы өндүрүү жөнүндө макулдашуу болуптур. Бирок анын зыяндуулугу жөнүндө губернатор мындай дейт:

- Бензин 80 болсо, аны кошкондон кийин 93 болуп калат. Бул спирт катары, бирок биологиялык. Европага бир топ керек экен. Ал ишке ашса жакшы болот эле. Бирок 200 тонна калдыкты кайда жоготобуз? Ушул боюнча мээбиз чирип атат. Муну төгүп жибергенге болбойт.

Ошентип губернатор Кыдыкбек Исаевдин кыйытканына караганда Балыкчы шаарында токтоп турган “Дан азык” ишканасы жакында ишке кирбейт өңдөнөт. Бирок ага кызыккан инвесторлордун катары көбөйүп атканы да айтылууда.

XS
SM
MD
LG