Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

МАС БОЛУП МАШИНЕ АЙДАГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Кыргызстанда жол кырсыгы жылдан жылга көбөйүүдө. Мындай абалга автомашиналардын жыл өткөн сайын көбөйүшү, жолдордун кууштугу, начарлыгы, айдоочулардын жол эрежелерин сактабай, мас болуп машине айдаганы себеп болууда. Ошондой эле мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери кырдаалды ойдогудай көзөмөлгө албай, коррупциялашып кеткени да жагдайды татаалдаштырууда.

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жол кырсыктары 15 пайызга көбөйгөн. Каза болгондордун саны 23 пайызга, жабыркап жараат алгандардын саны 16 пайызга жогорулаган. Былтыр жол эрежесин бузган 9 миң 600 айдоочуга 218 миң сом айып салынган.

Жол кырсыгынын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарларында катталууда. Анын себебин автомашиналардын көптүгү жана жол эрежелеринин сактабай, мас абалында автоунаа башкарган айдоочулардын көбөйгөнү менен түшүндүрүшөт автоинспекция кызматкерлери:

-Катуу ылдамдыкта айдоо кырсыктын негизги себеби. Ошондой эле өлкөдө жылдан жылга транспорт көбөйүп, жолдор кууш, тар болуп баратат. Айдоочулардын арасында ичип алып, жол эрежелерин бузуп айдагандар да көбөйдү. Мисалы бир жумада эле 188 айдоочу мас абалында кармалды. Ушундай жагдайдан улам жол кырсыктары болуп жатат, - дейт Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Калысбек Темиров.

Борбор шаар тургундары акыркы жылдары Бишкекте автоунаалар көп болуп, кичи автобустардан жол тийбегенине нааразы. Жол кырсыгынын дагы бир себеби - айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алгандар көбөйдү. Буга МАИ кызматкерлерин, шоопурлукка окута турган окуу жайларды коррупциялашып кетишти деп сынга алышууда.

Бишкектик айдоочу Эркинбек Өмүралиев учурда жол эрежелерин көбүнчө жаштар бузаарын баамдаган. Анын айтымында, ата-энелеринин акчаларына сатып алган машиналары менен күнү-түнү куушуп ойногондор да ошолор:

- Азыр жаштар эне-аталарынын акчаларына таянып алышып, машинени, айдоочу күбөлүктү да сатып алышып, кызыл күйүп турса да өтүшүп, ошолор эрежелерди бузуп жатышат да. МАИ кызматкерлери үчүн гана жол эрежелерин сактабай өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу жана өмүрү үчүн да эрежени сакташ керек.

Чүйлүк айдоочу Шейшенбек Абдымомунов 15 жылдан бери автомашина айдайт. Ал да жол эрежелерин көбүнчө жаштар бузуп жатканын кошумчалады. Ал МАИ кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө баш ийбей, жогорку кызматта иштеген адамдардын аты-жөнүн айтышып, визиткаларын көргөзүп, кутулуп кеткен жагдайларды көп жолу көргөнүн айтып берди:

- Демейде эреже бузуп сүзүшкөндөрдүн көпчүлүгү жаш балдар же чоңдордун балдары, алар эч кимге баш ийбейт. ГАИлер токтотсо жогору жакта отурган чоңдордун визиткаларын көргөзүп коюп кете беришет. Анын үстүнө машиналар да опсуз көбөйүп, жолдордо “пропка” пайда болуп, жолдор да тарып баратат.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун пикиринде автокырсыктарды азайтуунун негизги жолу – өлкөдөгү жол саясатын иштеп чыгуу, МАИ тармагында толук реформа жүргүзүү, жолго, автоунаага байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, эреже бузгандар үчүн айыптардын өлчөмүн көбөйтүү жана чет өлкөлөрдөн келип жаткан автооунааларга мыйзамдуу негизде чек коюу керек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG