Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жаңыдан шайланган Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматка киришүү аземине катышууга барган.Инагурация соңунда 14-февралда түштөн кийин болгон кабыл алууда президент Курманбек Бакиевдин Бердымухамедовго куттуктоосу тапшырылган. Адахан Мадумаров эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө Бишкектин кызыкдарлыгын билдирген.Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)