Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

АКАЕВДАРДЫН МИЛЛИОНДОРУН АКҮЙ ЖАШЫРУУДАБЫ?


«Лица» гезити бүгүнкү санында «өтө жашыруун» деген белги менен «Акаевдардын Америкадагы миллиондору» аттуу макала жарыялады. Анда, Акаевдар Атажуртунан качкандан көп өтпөй бийликке келген Данияр Үсөнов калк алдына чыгып, Акаевдардын Батыш банктарына каткан миллиондорун таап берүү үчүн америкалык адвокат Эдвард Либерман деген жаранды жалдап, алчу акысы үчүн өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар төлөп бергенин жар салганын, анан ошол иш кумга сиңген суудай жок болгонун белгилеп, көрсө ал кумга сиңбей эле Акүйдүн «сейфиинде» жатканын жазат. Гезит андан ары америкалык адвокат Э.Либермандын Кыргызстандын президенти К.Бакиевге 2005-жылдын 13-сентябрында жазып жөнөткөн катынын көчүрмөсүн басып, окурмандарды анын мазмуну менен тааныштырат. Катта Кыргызстанга америкалык аскер күчтөрүн жайгаштыруу үчүн АКШ өкмөтү Акаевдарга пара бергени, ушундай шылуундуктун аркасы менен 80 миллион доллар өлкө казынасын кайкып өткөнү… д.у.с. жагдайлар туурасында сөз болот. Каты окуп чыккандан кийин, К.Бакиев эмне үчүн Ганси авиабазасына өтө эле ишенимдүү басым жасай баштаганынын төркүнү, алар берчү акчанын көбөйтүлүшүн неге чечкиндүүлүк менен талап кылганы түшүнүктүү болот деп кошумчалайт гезит.

«Алас» гезити, ар дайым ак кар, көк муз жамынып жаткан Теңир Тоо аймагына быйыл кылайып кар түшпөгөнүн, азыркы күндө топурак-чаң учуп жатканын, андан да жаманы ушу тапта малга аты белгисиз ылаң жабышып, ветеринардык эмдөөлөргө карбастан ал массалык мүнөзгө өтүп баратканын, элдин бушайман болгонуна карабастан өкмөт тараптан алигүнгө дейре кол созгон эчким жоктугун кабарлады. Гезит бул теманы андан ары тереңдетүү менен белгилүү публицист Кален Сыдыкованын Кыргызстандын ар кайсыл аймактарына көмүлгөн уулуу зат көрүстөндөрү жөнүндөгү көйгөйлүү макаласына орун берди. Кален айым, Кыргызстанда ушу кезде жалпы көлөмү 75 миллион кубометрди ээлеп жаткан 49 уулуу зат көмүлгөн көрүстөндөр барын, буга жакын отурукташкан эл ичинен бүгүн денеси кемтик, мутант балдар көп төрөлүп келатканын, Кумтөр алтын кени иштегенден баштап анын айланасындагы карагай-арча, бадалдардын куурап калуусу күчөгөнүн, кыргыздар өз жаратылышын өзү талакалап жатканын ачуу далилдердин тилине төшөп кеп кылган.

«Айкын» гезити башкы көңүлдү экс-премьер Ф.Куловдун кечээки билдирүүсүнүн айланасындагы ой-пикирлерге бурду. Маселен белгилүү коомдук ишмер И.Абдуразаков эгер Кулов эл күткөндөй программа бере алса, эгер аттанган күрөштү ишке ашырганга эрки жете алса, эгерде айланасына ар түрдүү саясатчыларды топтой алса, анда Кыргызстанда дымып калган саясый абал кыйла күчүнө кирерин, бирок, айрым бирөөлөр айткандай кагылышуу болуп кетет деген сөздөр суу кечпеген нерсе экенин, Р.Акназарова айым эми мындан ары өлкө саясаты кыйла курчуурун, Куловдун билдирүүсүнөн кийин бийлик олуттуу өзгөрүүгө барбаса, таза иштебесе кыйын болорун, экс-премьер бийликти тууганчылык, кылмыштуулук чырмап алды деп туура айтканын белгилеген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG