Митингге Аксы окуясынын күнөкөрлөрүн аныктоо боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет берүү үчүн президент Курманбек Бакиев, башкы прокурор Камбараалы Конгантиев чакырылат. Бул тууралуу округдан шайланган депутат, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Депутат бүгүн президент менен жолугушуп, анын Аксы митингине катышар-катышпасына байланышкан маселени талкуулаганы жатат. Ушул эле маселени бүгүн депутат өзү мүчө саналган «Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлери менен да талкууламакчы. (BuS)