Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

ФЕЛИКС КУЛОВДУН БИЛДИРҮҮСҮ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТЕЛЕКАНАЛДАРДА …


Кечээ Бишкектеги «Аккеме» мейманканасында экс-премьер-министр Феликс Кулов өзүнүн кийинки кадамдары, жалпы саясий кырдаал тууралуу билдирүү жасап жатып, анын айткандарын бийликтин көзүн караган телеканалдар чагылдырбай коюшу мүмкүн экендигине токтолгон. Ал эми кечки жаңылыктардын убактысы келиши менен телеканалдар бул окуяга четинен кайрыла башташты. Бул окуяны кеңири чагылдыргандар НТС каналы менен мурунку КООРТтун базасында түзүлгөн 5-канал болду. Мамлекеттик биринчи канал да бул окуяга кайрылып, президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин буга карата пикирин беришти.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов кечээ “Аккеме” мейманканасында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү телеканалдардын көпчүлүгү бир үй-бүлөнүн көзөмөлү алдында калганын айтып, анын бул билдирүүсү теле каналдарда чагылдырылбай калса таң калбай эле коюу керектигин айткан. Бирок, кечки жаңылыктардын убактысы келиши менен өлкөдөгү таасирдүү делген теле каналдар бул окуяга четинен кайрылып, Ф.Куловдун билдирүүсүн негизги жаңылык катары бере башташты. Бир канча телеканалдардын ичинен бул окуяга кеңири орун бергендери, НТС теле каналы менен 5-канал болду. Мисалы, НТС теле каналы окуяны баштан-аяк чагылдырып, Ф.Куловдун тогуз мүнөттүк сөзүн кайра-кайра берип турушту.

Мурда НТС каналынын 30 пайызына “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов ээлик кылчу. Былтыркы ноябрь айындагы митингдин бул канал аркылуу байма-бай чагылдырылышын да дал ушул себепке байлашкан. Ал эми Бабанов өз акциясын сатып жибергени бул каналдын да мизи кайтып калгандыгы айтылып келген. Бирок, Ф.Куловдун кечээки билдирүүсүнүн чагылдырылышы андай ойлорду жокко чыгаргандай маанай жаратты.

Ал эми мурдагы КООРТ теле каналынын базасында жаңыдан түзүлгөн 5-каналды, айрым байкоочулар бийликке жакындыгын, ошол себептүү ага каршы айтылган сын-пикирлерди чагылдырбашы мүмкүн экендигин айтышкан. Бирок, бул канал да окуяны эки тараптуу кылып, кеңири чагылдыруу аракетин көрдү. Адегенде Ф.Куловдун мындай кадамына талдоо жүргүзгөн канал, оппозиция менен бийликте тургандардын бүгүнкү карым-катнашын кошо талдап, Ф.Куловдун билдирүүсүнө карата президенттин маалымат катчысы Нурланбек Шакиевдин жообун берүүнү да унутушкан жок.

Бүтүндөй республика көргөн Мамлекеттик телеканал бул окуяны негизги эмес, төртүнчү-бешинчи жаңылык катары чагылдырганы менен окуяга башка каналдар сыяктуу эле кеңири убакыт берди. Бул канал президенттин маалымат-катчысы Нурланбек Шакиевдин билдирүүсүн толугу менен орус-кыргыз тилдеринде берип турду.

Ошентип, негизги маалымат булагы саналган теледе да Ф.Куловдун билдирүүсү кеңири көрсөтүлүп, азырынча маалымат айдыңы кайсы бир деңгээлде эркин экендигин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG