- Каршы болбосоңуз сизден корпорацияңыздардын иш багытынын бөлүгү болгон күйүүчү май рыногундагы жагдай тууралуу сурайлы деп турабыз. Дүйнөлүк базарда мунай баасы мурдагыдан арзандап баа турукташып калбадыбы. Анын шарапатын Кыргызстан да сезүүдө. Жазга чейин баа кымбаттабайт деп жатышат. Сиздердин корпорация дагы мунай продукцияларын өлкөгө алып жатасыздарбы?
- Азыр биздин корпорация мунай ташууну кескин азайтканбыз. Анткени былтыркы жылы рыноко “Газпром Азия” компаниясы кирген. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бизде күйүүчү майлардын бары Орусиялык нефтинин баасына жашара өзгөрүлүп турат. Дүйнөлүк баанын түшкөнүнө байланыштуу бизде жакынкы арада кескин түрдө ар түрдүү маркасына жараша бир сомдон бир жарым сомго чейин ылдыйлап, быйыл дыйкандарга былтыркы жылга караганда арзан болчудай болуп турат. Биздин рынок дүйнөлүк баага мурда өзгөргөнүнө көп таасири тийчү эмес эле, эми “Газпром Азия” келгенден кийин таасири тийип, дүйнөлүк баа көтөрүлгөндө көтөрүлүп, ылдыйлаганда түшө турган болуп калды.
- Кыргызстандын мунай рыногунун жылдык көлөмүнө адистер акча менен канчага баалашат. Мисалы 300 млн. долларга жетеби жылдык көлөм?
- Бизде көлөм 300 миллиондон көп, 1 миллиарддан ашык түшөт болуш керек. Анткени акыркы үч жылда автоунаа Кыргызстанда кескин түрдө көбөйдү. Күйүүчү майды пайдаланган компаниялар дагы мурунку 1995-2000-жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. Азыр курулуш иштери да жүрүп атат. Башка дүйнөлүк проектилер бар, ошолор боюнча күйүүчү майга муктаждык жылдан жылга өсүп акыркы үч жылда эки эсе көбөйдү десек болот.
- Кандай дейсиз рыноктогу негизги үлүштү ээлеген компания өлкө үчүн кандайдыр бир социалдык милдеттемелерди аткарышы керекпи?
- Азыр “Газпром Азия” компаниясы биздин макроэкономикалык көрсөткүчтөр күйүүчү майга байланыштуу болот эмеспи негизинен. Ошон үчүн бизде бүт продукциянын бары тең майга байланыштуу болгондуктан сөзсүз түрдө Орусиянын рыногунун өзгөрүшү бизге чоң таасир тийгизет. Булар азыр социалдык жактан дагы чоң программаларды кабыл алат деп үмүттөнүп турабыз. Негизинен биздин мамлекеттин жетекчилери менен азырынча жакшы байланышып, иштешип атышат. Бирок толук боюнча Орусиялык компанияга биздин мамлекет көз каранды.
- Жалалабаттагы завод да ушул компаниянын көзөмөлүнө өттүбү?
- Жалалабаттагы заводдор мурунку эле канадалык компаниянын көзөмөлүндө. Бизде өзүңүздөргө белгилүү Кыргызстандан 80 миң тоннага жетпеген нефти чыгат. Ошону кайра иштетип, бүгүнкү күндө 6-8 пайыз биздин рыноктогу күйүүчү майдын көлөмүн түзөт. Ошон үчүн ал конкуренция болуп, эч кандай роль ойной албайт бүгүнкү күндө.
- Мурдагы премьер-министр Ф.Куловдун кечээги жарыясын балким уккандырсыз. Ал өз сөзүндө соңку кездери жеке жана мамлекеттик менчикти бир ууч адамдар тарабынан ээлеп алуу аракеттери болуп жатат деп айта кетти. Сиз ишкер катары ушундай көрүнүштү байкап жатасызбы?
- Биздеги саясий турмушубуз 20005-жылдан бери тынчый албай келатат. Буга карапайым эл деле көңүл бурбай калды болуш керек. Бир ууч саясатчылар өзүлөрү менен өзү болуп талашып-тартышып атышат. Куловдун отставкага кетиши эки жылдын ичинде өзүн премьер-министр катары көрсөтө албагандыгынан болуп калдыбы деп ойлойм. Бирок негизинен кысым жасаган бизде анчалык деле белги жок. Бирок талаш-тартыш токтобостон, жеңилген күрөшкө тойбойт болуп эле бири-бири менен кармашып келатышат. Биз толук же капитализмге, же социализмге өтө албай, орто жолдо кыйналып, кайсы закон менен иштешти билбей абдан татаал мезгилде жүргөн убагыбыз. Бирок үмүт чоң келечекте оңолобуз деген.
- Маегиңизге ырахмат.