Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

БОКС БОЮНЧА БЫЙЫЛКЫ ЧЕМПИОНАТ ӨТҮҮДӨ


Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда 14-февралдан баштап бокс боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионатынын күч сынашуулары өтүп, мелдеш улантылып жатат. Себеби былтыр Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында кыргызстандык он боксчунун бири да ийгилик жарата алган эмес, ошондуктан жаңы тандалма команданы түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бүгүн жарым финалдык таймашуулар болот.

Быйылкы чемпионатка Кыргызстандын тандалган бир жүз жетимиш эки булгаары мээлей чебери күч сынашып жатат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү ишемби күнү аныкталат.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңип чыккан бокс чеберлеринен тандалма команданын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөр келишти. Учурда мөрөй талашуу улантылып жатат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн бокс боюнча улук устаты Шайбек Карагазиевдин айтымында бардык облустардан тандалган боксчулар келгендиктен, таймашуу курч мүнөздө өткөнү менен жарк этип көрүнгөн мыктылар чыга элек.

Өлкөнүн бокс боюнча эр-азаматтары ринг үстүндө күч сынашып, он бир салмак боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныктоо үчүн мыктыларды иргеп алуу таймаштары болууда.

Жеңил жана орто салмактарда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын боксчулары айырмаланып жатышат.

Баш байгеге талапкердин бири, жарым финалдык таймашууга укук алган бишкектик Фархат Юлбасаров мелдеш курч мүнөздө өтүп жатканын белгилеп, эми июнда Монголияда өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

Кыргызстандын бокс федерациясынын вице- президенти, бокс ардагери Райхан Алкановдун айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши- сентябрда Орусиянын борбору Москва шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен бокс чеберлерине 2008-жылы Пекинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Былтыр декабрда Катардын Доха шаарында өткөн 15- Азия оюндарындагы бокс мелдештеринде катышкан он бир спортчунун бешөө бирден жеңишке жетишкенде коло байгелүү болмок. Ошондуктан бокс адистери коңшу Казакстан жана Өзбекстандын командалары менен бирге машыгуу, алардан тажрыйба алуу керектигин жана чеберчиликти жогорулатуунун зарылдыгын айтышууда.

Эми ишемби күнү өлкө чемпиондору аныталат. Ошондой эле март айында Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү эл аралык мелдеши болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG