НАТОнун Баш катчысы Яап де Хооп Схеффер серб өкмөтүн Косовонун келечек макамы тууралуу БУУнун планына конструктивдүү чечим кабыл алууга чакырды. 14-февралда өлкөнүн парламенти БУУнун өкүлү Мартти Ахтизааринин планын четке каккан эле. Өлкө лидерлеринин пикиринде, план Сербиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бузуп, көпчүлүктү түзгөн этникалык албандардын толук көз карандысыздыгына алып келет.