Бул тууралуу Баткен аймактык агрардык саясат кызматынын жетекчиси Турсунаалы Төлөмүшов “Азаттыкка” маалым кылды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен Англиянын “Юпитер маркетинг лимитед” компаниясы өлкөдөгү гилас чарбачылыгы тууралуу маалымат сураган. Алардын максаты келечекте Улуу Британиянын базарларын кыргыз гиластары менен камсыз кылуу. Баткенде жылына 500 тоннадан ашуун гилас өндүрүлүп, анын көпчүлүк бөлүгү Орусияга ташылып кетет.