Лондондо жашаган Чеченстандын мурдагы жетекчилеринин бири Ахмед Закаевдин айтымында, жумурияттын убактылуу президенти болуп дайындалган Рамзан Кадыров мурдагы президент Алу Алхановго караганда алда канча көз карандысыз адам: "Жалпысынан алганда, биз бул өзгөрүүнү оң баалайбыз. Президент Путин аны өз ыктыяры менен жасаса да, андай кадамга аргасыздан барса дагы, баары бир ал - маанай чечендердин пайдасына өзгөрүп баратканын көрсөтөт", - деди Закаев 16-февралда "Азаттыктын" Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюда. Путиндин 15-февралдагы буйругу менен Алханов Орусиянын укук министринин орун басары болуп дайындалды, ал эми Чеченстандын мурдагы премьер-министри Кадыров президенттин милдетин аткара баштады.