АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү Жакынкы Чыгышка сапар менен чыгып, Йерусалим шаарына келди. Израилден тышкары ал Палестина жана Йорданияга барат, 19-февралда болсо Райс айым Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас жана Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен үч күндүк бийик жолугушуу баштайт.