Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

16:00 Өзбекстан менен Кыргызстандын чегара посттору боюнча талкуу болду


Жума аягында эки өлкөнүн чегара кызматкерлери Кыргызстандын Жалалабат жана Өзбекстандын Наманган облустарында жайгашкан чекара постторунун саны, алардын иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле анда чегара сызыгын тактоо тууралуу да сөз болгон. Кыргызстандын чегара кызматынан маалымдашкандай сүйлөшүү Өзбекстандагы эл аралык “Буштан” постунда болуп өткөн.
Өзбекстан менен Кыргызстандын 1045 чакырымга созулган чегарасынын 360 чакырымы боюнча эки тарап бир келишимге келе элек. Эки мамлекеттин ортосунда чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр алты жылдан бери жүрүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG