Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

КУМТӨРДӨН КЫРГЫЗСТАНГА ПАЙДА КӨБӨЙӨБҮ?


Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеконун ортосунда сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү келерки жумада Бишкекте улантылат. Эки тарап мына ушундай бүтүмгө 16-февралда Москвада аяктаган сүйлөшүүдө жетишкен. Өкмөт сүйлөшүүдө алтын кенден мамлекетке көбүрөөк пайда алууну көздөөдө. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени радикалдуу жол менен чечүүнү жактап, Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо.

Москвада үч күн бою созулган сүйлөшүүдө кыргыз делегациясын биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеди. Ал эми канадалыктардан «Камеконун» башчысы Лен Хоменюк баштаган топ катышты. «Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Жакыповдун 16-февралда «Азаттыкка» маалымдоосуна караганда, сүйлөшүүдө тараптар өз шарттарын ортого салышты. Эми ар бир тарап өз жетекчилиги менен коюлган шарттарды талкуулап, бир жумадан кийин кайрадан сүйлөшүүгө отурмакчы. Бул ирет сүйлөшүүнү Бишкекте өткөрүү белгиленди.
Москвадагы сүйлөшүүгө катышып келген Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Владимир Зубков ишемби күнү «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Кыска айтканда, биз Кумтөрдөн көбүрөөк пайда алышты каалап жатабыз. Андан башка азыр эчтеке айта албаймын. Анткени сүйлөшүүлөр соңуна чыга элек. Ошентсе да айтаарым, сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын позициясы жакшырат деген ойдомун.

Владимир Зубковдун айтымында, Кумтөрдөн мамлекетке пайданы көбөйтүү боюнча аракет жаңы бийлик келгенден кийин башталган.

Кыргызстандагы алтын кендерин иштетүү боюнча Жогорку Кеңеш өткөн жылы июнь айында тогуз депутаттан турган депутаттык комиссия түзгөн. Аны депутат Болот Шерниязов жетектейт. «Азаттык» менен болгон маегинде комиссия жакын арада өзүнүн ишин жыйынтыктап, жарыялаарын айтып, канадалыктар менен сүйлөшүү тууралуу буларды белгиледи:

-Кумтөр боюнча парламент 15 жылдан бери талашып-тартышып келатат. Бир да жолу тыянак чыккан эмес.Эми мына 15 жылдан бери алгачкы жолу сүйлөшүүгө макулдук беришти. Негизинен төрт маселе коюлуп жатат. Биринчи, 2003-жылы реструктризация туура эмес болгон. Анда Камеко өзүнө 67% акцияны алып, бизге 33% калтырып койгон. Экинчи, концессия туура эмес болгон. Үчүнчү, Ысыккөл фондуна бөлүнчү акча аябай аз. Төртүнчүсү, биздин тарыхый чыгымыбызды канадалыктар кайрыш керек.

Депутаттык комиссия менен өкмөттүн өз ара кызматташуусу тууралуу Шерниязов буларды билдирди:

-Азыр биздин комиссия өкмөт менен, «Кыргызалтын менен биргеликте иштеш керек деген ойдо болуп жатат. Булардан Кыргызстанга пайда келтириш үчүн кыргыз тарап биргелешип иштеш керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, кенчи Орозбек Дүйшеев маселени 2003-жыл 31-декабрда Николай Танаевдин өкмөтү кабыл алган токтомду жокко чыгаруу менен чечиш керек деген пикирде:

-Канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн кереги жок. Болгону Жогорку Кеңештин токтомун аткарыш керек. Өкмөттүн 2003-жыл 31-декабрдагы токтомун жокко чыгарыш керек. Ошондо биз Кумтөрдү толук өзүбүздүн көзөмөлгө алабыз.

Премьер-министр Азим Исабеков Кумтөр маселеси өтө татаал экенин, аны акыл калчап чечүү зарылдыгын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG