Борбордук шайлоо комиссиясынын кечээки чечими менен Ош, Баткен, Нарын жана Талас облустарындагы алты айыл өкмөттүн мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон жетекчилеринин ордуна кайра шайлоо өтмөк болду. Шайлоо Карасуу районунун Карасуу айыл өкмөтү, Каракулжа районунун Алайкуу, Сүлүктү шаарында Кошбулак, Нарын облусунан Акталаа, Таластан Айдаралиев жана Май айыл өкмөттөрүндө болот.