Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗ ПАТЕНТ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫНА КИРБЕЙ КАЛДЫ?


Он жылдан ашык убакыттан бери өкмөттөн сокур тыйын албай өз алдынча иштеп келе жаткан интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргыз патенттин) жакында түзүлгөн өкмөттүн курамына кирбей калгандыгы жөнүндө акын-жазуучулардын, композиторлордун, сүрөтчүлөрдүн, архитекторлордун, ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын жана башка авторлордун арасында ар кандай ойлор айтылууда. Бул тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов Кыргыз патенттин редакциялык басма башкармалыгынын башчысы, акын, драматург, Токтоболот Абдумомунов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Улуттук жазуучулар, театр ишмерлер союздарынын мүчөсү Акималы Чекировду, Маданият ишмерлер ассамблеясынын президенти, эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевди кепке тарткан.

1995-жылы интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентчилик (Кыргыз патент) уюшулат. Ал өкмөттүн курамына кошулат. 1999-жылы 23-янарда Республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан “Автордук жана чектеш укуктар” жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынат. “Издеген табат” дегендей агентчиликтин директору Роман Оморовдун жоктон барды таба билген билгичтигинин, дүйнөлүк эл аралык уюмдар менен тил табыша иштешкендиктин натыйжасында өкмөттүн чөнтөгүнөн сокур тыйын албай ар жыл сайын ондогон акын-жазуучулардын, композиторлордун, сүрөтчүлөрдүн, ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын эмгектеринин жарык көрүшүнө такай жардамдарды берүүдө. Ар жылдын 26-апрелинде салттуу түрдө белгиленип келе жаткан Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчиктин күнүндө аттуу-баштуу адабияттын, өнөрдүн чеберлерине окумуштуу ойлоп табуучуларга менчиктин эл аралык алтын медалын ыйгарып келүүдө. Ал эми жаңы өкмөттүн курамына агентчиликтин кирбей калганын мекеменин редакциялык басма башкармалыгынын башчысы Акимаалы Чекиров мындайча түшүндүрдү:

- Мен иштеп жаткан мекеменин өкмөттүн курамына кирбей калышы түшкө кирбеген нерсе болду. Он беш жылдан бери өкмөткө караштуу бирден бир гана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентчилиги бар эле. Бул мекеме уюшулган, башкача айтканда 1995-жылдан өзүн-өзү каржылап, өкмөттөн бир да тыйын албай келген жалгыз мекеме десем жаңылышпайм. Он беш жылдын ичинде ондогон, жүздөгөн ойлоп табуучуларга, акын жазуучуларга, композиторлорго, сүрөтчүлөргө, окумуштууларга, ырчы, комузчуларга ж.б. шайырларга моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоо көргөзүп келген. Мурда калем акы албаган, сыйлык албаган авторлорубуз биздин тутумубузда, карамагыбызда болуп, ар дайым өзүлөрү жазган чыгармалары, тарткан сүрөттөрү үчүн атайын акы (гонорар) берилип системага салынып, калыптанып калган өкмөттүн токтомдорунун, мыйзамдарынын негизинде иштеп келген мекеменин өкмөттүн курамына кошулбай калганы абдан өкүнүчтүү. Менин оюмча мындай өзүн-өзү баккан агентчиликти колдоонун ордуна жоготуунун, көрө албастыктын өзүнчө бир ыкмасы дейбиз. Бул жөнүндө бүткүл чыгармачыл союздун төрагалары, аттуу-башттуу акын, жазуучуларыбыз газеталарга жазышып, депутаттарга кайрылышты. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай натыйжа чыккан жок.

- Акимаалы мырза, кечиресиз, көп жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу адис катары коңшу мамлекеттердеги агентчиликтердин ал-абалдары кандай, Батыш Европада байланыштарыңыз барбы?

- Коңшу мамлекеттер биздикиндей агентчиликтерди кош колдоп колдошууда. Себеп дегенде алар да биз менен уюмдаш боулушуп, келишимдерди түзүшкөн. Биздин чыгармачыл адамдарыбыз, чыгармачыл союздар кандай акыбалда болот белгисиз бойдон калып отурат. Агентчилик он беш жылдын ичинде батыштын өлкөлөрү менен байланышып, чоң-чоң конвенцияларга кошулган. Мурдагы союздун мамлекеттери Россия, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен ойлоп табуучуларды, авторлорду коргоо боюнча атайын түзгөн келишимдерибиз бар эле. Ал эми дүйнө жүзүндөгү 167 мамлекет менен алака түзгөн байланышыбыз бар. Себеп дегенде ойлоп табуучулук деген биз аркылуу изилденип, биз аркылуу атайын патенттик кагазын алып туруучу. Эми ошол мамлекеттер бизге кандай мамиле жасайт, кандай көз карашта болот өзүнчө бир сырдуу табышмак.

Ал эми маданият ишмерлер Ассамблеясынын президенти, эл жазуучусу, драматург Мырзабек Тойбаев бул тууралуу мындай дейт:

- Мен Кыргыз патенттин өкмөттүн курамынан чыгып калышын тескери кабыл алдым. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев дайым айтып жүрөт коррупцияга каршы күрөшүш керек деп. Мындай салыштырып айтканда Кыргыз патенттин кошулбай калышы улуттук маданияттагы терор, бузукулук, тартипсиздик деп эсептейм. Анткени Кыргыз патенттин арасында көп жылдан бери аралашып жүрөбүз. 50 жылдан бери мен жазуучу катары маданиятка аралашып жүрөм. Бизге жападан жалгыз Кыргыз патент гана жардам берчү.

XS
SM
MD
LG