14-февраль сүйүү күнүнө карата борбордо бир катар маданий иш-чаралар болуп өттү. Атай кетсек улуттук филармонияда “Кардиохит” аттуу оюн-зоок өтүп, ага жаңыдан чыгып келе жаткан жаш ырчылар катышты. Ал эми Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында “Дем” театрынын концерти болду. Кечени бир катар эстрада ырчылары коштоду. Ал эми кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын концерттик студиясында Учур театрынын артистери оюн-зоок тартуулашты. Концерттин програмасында жалаң сүйүү темасындагы ырлар менен тамашалар жаңырды.
14-февралда Алатоо кинотеатрында “Юг станс” жаш каскадерлор коому жана “Сеть сервис” студиясы тарткан “Өчпөс сүйүү” аттуу көркөм тасма көрсөтүлдү. Фильмде жаштардын бири-бирине болгон мамилелери, чыныгы достук, таза сүйүү жана жалындуу жаштык чагылдырылган. Фильмдин режиссеру Адилет Акматовдун билдиргенине караганда тасманы тартууга болжол менен миң доллар керектелген. Эми фильмди жаратуучулар бул тасманы Кыргызстандын аймактарынынын туругундарына көрсөтүүнү жана дагы бир жаңы тасма тартууну ниет кылышууда.
16-февраль күнү Өкмөт үйүнүн чоң залында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев адабият, маданият, көркөм өнөр ишмерлеринин чоң тобу менен жолугушуу жыйынын өткөрдү. Анда өнөр адамдары көйгөйлүү маселелерин айтышты. Жыйын соңунда сөз алган Президент Курманбек Бакиев мындан кийин өнөр адамдарына сөзсүз колдоо көрсөтүүлөрүн белгиледи. Салтанатта өлкө башчысы ошондой эле жазуучулар Сооронбай Жусуевге, Төлөгөн Касымбековго кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз эл баатыры” ардак наамын жана “Ак шумкар” төш белгисин тапшырды.
Жыйындын аягында көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул күнү “2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын руханий маданиятын өнүктүрүү жөнүндөгү” буйругун чыгаргандыгын, буйрукка ылайык Кыргыз өкмөтү эки айлык мөөнөт ичинде улуттук программа долбоорун иштеп чыгуусу милдеттендирилгендигин жарыя кылышты.
Бул жумада ошондой эле Бишкекте кино үйүндө жапон киносунун күндөрү өттү. Киножумалыктын алкагында көрармандарга жапон кинорежиссерлору жараткан мыкты деп эсептелген жаңы тасмалар тартууланды. Бул иш-чара Жапония менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин он беш жылдыгына арналып уюштурулду.
Сүрөттө:"Дем" театрынын артисттери