Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов “Азаттыкка” билдирди. Быйылкы бюджетти эки баскычтуу деңгээлде кабыл алуу демилгесин мыйзамчыгаруучулар көтөрүшкөн. Мындай реформаларга мамлекет даяр эмес деп, өкмөт үч баскычтуу бюджеттин долбоорун даярдаган. Жогорку Кеңеште бейшембиде өткөн жыйында депутаттардын көбү бюджеттин эки деңгээлдүү болушун жактаган.