Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

ТАРЫХЫЙ БААЛУУ МУРАСТАРЫБЫЗ ТАЛКАЛАНУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын аймагында көптөгөн тарыхый археологиялык эстеликтер жайгашкан. Учурда жергиликтүү археологдор тарыхый эстеликтердин бир бөлүгү бузулуп жактандыгына байланыштуу тынсызданууларын билдирип, бул маселени чечүүнүн жолдорун сунушташууда. Маданият министрлигинин жетекчилиги бул маселеде өкмөттүн колдоосу зарыл деп эсептейт.

Кыргызстанда өзгөчө 90-жылдардын башынан тарта мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мезгилге караганда тарыхый археологиялык эстеликтерди сактап калуу маселесине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калган. Анын натыйжасында өлкөнүн аймагындагы чоң тарыхый мааниге ээ болгон археологиялык эстеликтер бузулуп, жүздөгөн петроглифтер курулуш иштерине жумшалган учурлар көбөйө баштаган. Өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөр бүгүнкү күндө да орун алып жаткандыгында. Буга байланыштуу окумуштуу-археолог Кубат Табалдиев төмөнкүлөргө токтолду:

- Азыр биздин ата-мурасыбыздын талкаланып жаткан учурлар абдан арбын. Мисалы, Чолпоната шаарынын тоо тарабындагы жерлерде биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкка чейинки байыркы бабалардан калган тарыхый эстеликтер бар жерлер бөлүнүп, алардын үстүндөгү таштар азыр курулушка алынып жатат. Өрнөк айылында Алматыга кетүүчү жол курулган. Мына, кечээ жакында эле барып келдим. Бардык петроглифтер, аска бетине тартылган сүрөттөр жок болуп кеткен. Андан башка, Балыкчы-Каракече жолунда Саламат Булак деген жер бар. Анын тушунда жол жасалган. Анын үстүндөгү сактар дооруна чейинки эстелик азыркы күнгө чейин трактор менен түртүлүп, түздөлүп жатат. Ал эми Атбашы айылында кире бериштеги гундардын дооруна таандык абдан уникалдуу көрүстөн карьерге айланып, азыркы мезгилге чейин топурак алынып жатат. Талас шаарына жакын жерде орто кылымдарга таандык Текапкет деген шаар урандысы бар. Азыр анын кээбир жерлери мүрзөгө айландырылган. Ошондуктан учурда адамдардын сөөгү ошол жердеги археологиялык-маданий катмар менен аралаштылып көмүлүп жатат.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында археологиялык эстеликтерге мындай мамиле жасалып жаткандыгы боюнча мисалдар арбын экендигин кошумчалады.

Археологдордун айтымында, тарыхый эстеликтерди сактап калуу маселелери боюнча буга чейин өлкөнүн Маданият министрлигине, ЮНЕСКо уюмунун өкүлчүлүгүнө атайын кайрылуулар жолдонгон, бирок, азырынча жооп боло элек. Азыр болсо, жергиликтүү археологдор тез арада облус, райондордо жайгашкан музейлердин алдында адистерден куралган мобилдүү топторду түзүү демилгесин көтөрүшүүдө. Мындай топтор кайсы жерде тарыхый, археологиялык эстеликтерге коркунуч туудурган жагдайлар пайда болуп калса, ал жерде мониторинг, экспертиза өткөрүп, эстеликтерди сактап калуу боюнча ыкчам чараларды көрүшү керек:

-Тарыхый археологиялык эстеликтерди сактап калуу үчүн биз ошондой мобилдүү топторду түзүшүбүз керек. Бизде адистер жетиштүү. Албетте, алар тиешелүү каражаттар менен жабдылышы керек. Бузулуп жаткан эстеликтердин тизмесин түзүшүбүз керек. Тарыхый эстеликтерди бузууларга бөгөт коюшубуз зарыл. Антпесек, биз тарыхый мурастарыбыздан ажырап калышыбыз мүмкүн,- дейт К.Табалдиев.

Адистер белгилешкендей, тарыхый археологиялык эстеликтерди сактоо ишине жергиликтүү эл да активдүү катышып, ага тиешелүү маани берүүгө тийиш.

Ал эми маданият министри Султан Раев Кыргызстандын аймагындагы эстеликтерди сактоо маселесине өкмөт тарабынан көңүл бурулушунун зарылдыгын белгилеп, тарыхый эстеликтерди бузуп, талкалоо, мыйзамсыз жолдор менен казылып алынган археологиялык табылгаларды сатуу же чет өлкөлөргө алып чыгып кетүү үчүн катаал жазаларды киргизүү керектигине токтолду:

- Тилекке каршы, азыр өлкөдө тарыхый эстеликтер бузулган учурлар, же болбосо, эч кандай уруксаты жок эле археологиялык казууларды жүргүзүп, баалуу буюмдарды чет өлкөгө алып кетүү аракеттери көрүлгөн учурлар көп. Ошондуктан, биз азыр мындай көрүнүштөргө жазаны күчөтүү аркылуу бөгөт коюшубуз керек. Өкмөт бул маселеге көңүл бурушу зарыл
XS
SM
MD
LG