17- февраль күнү Кочкор районуна “Хизб-ут-тахрир” диний кыймылынын 11 мүчөсү барган. Алар курулуш иштерине кол кабыш кылып, андан сырткары материалдык жардам көрсөтмөкчү болуп жолго чыгышыптыр. Бирок, мейманканага жайгашары менен укук коргоо органдары тарабынан камакка алынышты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, Хизб-ут-тахрирчилер халифат курууну көздөп, жакыр жана кыйналып аткан эл арасында идеологиясын таратуу аракети менен жүрүшөт:
- Булар түштүк региондо канат жайып, эми түндүк дубандарга өтүштү. Ушул сыяктуу эл кыйналып аткан жерлерге атайын барып атышат. Халифат курабыз деген бул куру сөз эмес. Мунун артында чоң акча, чоң уюмдар жатат.
Бирок, Хизб-ут-тахрир уюмунун өкүлдөрү болсо бул кадамында эч кандай кыйыр максаттар жок, жөн гана мекмендештерге жардам берип, кайрымдуулук көрсөтүү акциясы катары түшүндүрүшөт. Аталган уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири Нурланбек Сманов “Азаттык” радиосуна буларды билдирди:
- Ошол жерде кыйналып аткан кары-картаңдарга, жакырларга жардам берели деп өз ниеттери менен кетишкен. Азыр болсо камакта кармалып турушат. Биз мындайды түшүнбөйбүз.
“Хизб-ут-тахрир” уюму сот тарабынан Кыргызстанда экстремисттик уюм катары таанылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстанда бир канча диний агымдар канат жайып идеологиясын жайылтып атканы чындык, бирок, жардам берели деп баргандарды камакка алынышын колдобойт. Мамлекет мындай жол менен эмес идеялык башкача күрөштү тандаганы оң болмок, дейт Орозбек Молдалиев:
- Мамлекет репрессиялык жолду тандап алды. Камакка алгандан эчтеке өзгөрбөйт, ал абактан кайра тарапкерлерди таап атат. Идеяга каршы идея менен күрөшүш керек. Бул экстремисттик уюмдарга эмне үчүн жаштар кирип кетип атат, мамлекет ойлонуш керек да. Мына, демократия курабыз, демокартия жакшы дейли. Алар болсо демократияңар жакшы болсо эмнеге коррупция тамыр жайып, эл жакырчылыктын сазына батып атат деп сурап атышпайбы!? А диний уюмдар болсо шарияттын нормаларында калыстык, ууру-кески жазаланат деп атышса, ошого каршы койчу идеябыз жок болуп атпайбы.