Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

ОРУСИЯГА КУШ ТУМООСУ КАЙТЫП КЕЛДИ


Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Москва алдындагы, кеминде төрт райондон куш тумоосунан канаттуулардын кырылганы катталган. "ИНТЕРФАКС" агенттиги Москва обулустук санитардык башкы доктурдун пикирине шилтеме берип жазганга караганда, үй канаттууларынын кырылышы - куш тумоосунун жайылышынан улам болуп атат. Ал илдеттин вирусу Одинцовский, Подольский жана Домодедовский райондорунда алгач катталган.

Айыл чарба министрлигинен маалымдагандай, канаттууга жуккан вирус Аш-5 Эр-1 жана ал адамга жукса андан киши айыкпайт. Москва алдындагы тоок бакчу фабрикаларга карантин жарыяланып, тийешелүү чара көрүлө баштаган. Ал эми Орусиянын башкы санитрадык доктуру Геннадий Онищенко айтканга караганда, Москва обулусунун тургундарынын арсында куш тумоосу менен ооруган киши жок.

Маскөө алдындагы үч райондун тургундарынын тоок-каздары кырыла баштаганы 16-февралда дайын болду. Ал илдетти куш тумоосу экен деп аңыртташып, ал тургай ал жугуптур деген шек менен эки кишини ооруканага да жаткырышкан.

Ишембиде Маскөө обулустук губернатордун милдетин аткарып аткан Алексей Пантелеев куш тумоосунан Подольский районуна караштуу бир чарбадан 44 тоок кырылганын айткан. 18-февралда болсо Талдомский райондон да үй канаттуулары кырылган.
Айыл чарба министрлигинен адистер текшерип чыгып канаттуулар куш тумоодон кырылышканын далилдешкен. Маселен, ал министрликтин малды көзөмөлдөө башкармасынын жетекчиси Анатолий Власовдун пикири ушундай:

-Маскөө алдынан пайда болгон вирус – H5 N1 вирусу болуп эсептелет, бирок анын адамга жукчусубу же башкасыбы кийин такталат.

Бул илдеттин барган сайын кишиге көп жугуусу коомчулуктун тынчсыздануусун пайда кылууда. Эмне дегенде 2005-жылы ал илдет жуккан кишилердин 43 пайызы кайтыш болсо, 2006-жылы ал илдетке чалдыккан кишилердин 61 пайызы кайтыш болушкан.

Медициналык илимдердин доктору, вирустарды изилдөө менен алек болуп жүргөн профессор Даниил Голубевдин «Азаттыкка» айткан болжолунда бул илдеттин сыры алигиче толук ачыла элек:

-H5 N1 вирусу - табыяттын бир кызыктуу көрүнүшү! Ал канча жылдан бери жоголуп кетпей, өзгөрүп да кетпей, дүйнө жүзүн кыдырып, улам бир жерден пайда боло калып, жашап келе жатат.

Маскөө алдындагы куш тумоосу чыккан кыштактардын 3чакырым тегерегиндеги жолго карантин жарыялап, андан аркы 10 чакырым айлананы да коруу болуп атканы дайын болууда.

Маскөөнүн айтылуу «Куш» аталышта канаттуулар базарын да ишемби күнү жаап, ал тегерекке да карантин жарыялоо болду. Мамлекеттик мал доктур Валерий Ситников айтканга караганда куш тумоо, ошол «Куш» базарынан, 9-февралда кимдир бирөө сатып алган кооздук үчүн кармачу тооктон жуккан.

Бул илдет менен Орусияда канаттуулардын кырылышы февралдын башында эле Краснодар крайына караштуу Ахтар кыштагында катталган. Ага дейре эң акыркы жолу ал илдеттен канаттуулардын кырылусу мурунку жылдын авгус айында болгон.

XS
SM
MD
LG