Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 03:19

10:55 Ө.Текебаев: "кысым токтобосо Бакиевди кетирүү үчүн радикалдуу чараларга барам"


Депутат Текебаев бүгүн парламентте ушундай билдирүү жасады. Депутат сессияга катышып отурган премьер министр Азим Исабековго кайрылып, көз карандысыз телеканалга негизсиз кысым жасап жаткан коопсуздук кызматы менен мамлекеттик байланыш агенттигин теске салууга чакырды. «Болбосо Бакиевди кетириш үчүн, өкмөттү кетириш үчүн бүт күчүмдү жумшайм… Күчкө күч табылат.» деди Текебаев. Анын айтымында, «Сентябрь» телеканалына көз көрүнөө кысым жасалып, имаратын бульдозер менен түрттүрүп салуу аракети көрүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG