Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

14:27 Оппозициялык күчтөр бир фронтко бирикти


«Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдыракмановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, уюм «Бириккен фронт» деп аталып, ал президенттик кезексиз шайлоо өткөрүү максатын көздөйт. Бул максат тандемдин бузулушу, маалымат каражаттарынын бир колго өтүшү, үй-бүлөлүк башкаруунун, коррупциянын күчөшү өңдүү негиздерге таянууда деп билдирди саясатчы. Бирикме түзүү чечимин оппозиция лидерлери кечээ кабыл алган. «Арнамыс» саясий партиясынын мүчөсү Виталий Искаковдун билдиргенине караганда, бириккен оппозиция жаңы максат, милдеттерине байланыштуу жакын аралыкта расмий билдирүү жасайт.(BuS)

XS
SM
MD
LG