20-февралда ордо калаада согуштун ардагерлерине арналган маданий иш-чара өтөт. Ага шаар мэри Арстанбек Ногоев катышып, ардагерлерге белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырат.
21-февралдан тарта 23-февралга чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев “Эр жигит эл четинде жоо бетинде” аттуу концерт берет. Кечеде келген көрүүчүлөргө оюн-зооктор уюштурулуп, белектер ыйгарылат.
Ордо калааданын театрларында коюлуучу спектаклдер тууралуу айтсак Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында бүгүн Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Талант жана тагдыр” спектакли көрсөтүлөт. “Талант жана тагдыр” спектаклинен тышкары ошондой эле, Адылбек Дыйканбаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган.
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында 20-февралда Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры”, Майрамкан Абылкасымованын “Атаке баатыр” спектаклдери, 21-февралда Айкүмүш Исмаилованын “Махабат жана өлүм”, 22-февралда Михаил Булгаковдун “Зойканын квартирасы” спектаклдери көрсөтүлөт.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Николай Рерихтин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган экспедициясынын 80 жылдыгына арналган “Чебердин жолу менен” деген аталыштагы көргөзмө жүрүүдө.
“Сүрөтчүлөр шаарчасы” көркөм өнөр борборунда дүйнөлүк миграциянын көркөм сүрөттө чагылышына арналган “Транзит – Түштүк полюс” эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Анда жакырчылыкты, жумушсуздукту, социалдык-экономикалык туруксуздукту, элсиз тунжураган айыл жерлерин, балдар эмгегин, адам сатууну жана башка талылуу көйгөйлөрдү чагылдырган эмгектер коюлган.
-Айжан Шаботоева,Бишкек