Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

ТАЛАСТЫКТАРДЫН ТАЛАБЫ – ЖЕР ҮЙ АЛТЫН КЕНИ ЖАБЫЛСЫН


Таластагы Жерүй алтын кенине кетчү жолго үч боз үй тигилип, Талас районуна караштуу Бекмолдо айылынын тургундары ал тарапка эч кимди өткөрбөй, үч күндөн бери алтын кендин жабылышын талап кылышууда. Байкоочулардын баамында андай талап менен чыккан элдин саны үч жүздүн тегерегинде. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов парламенттин бүгүнкү отурумунда сөз сүйлөп, өкмөттөн бул маселени тез арада чечүүсүн өтүндү.

Таластагы Жерүй алтын кенине кетчү жолду тоскон Бекмолдо айылынын тургундары, бүгүнкү күндө бул кендин жабылышын талап кылышууда. Буга чейин айыл тургундары Жерүй алтын кенин иштетүүдө жумушчулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү элден алынсын, кен үчүн бөлүнө турган 3 миллион АКШ долларынын 1 миллиону айылда калсын деген сыяктуу талаптарын коюп келишкен. Бирок, үч күндөн бери Жерүйгө кетүүчү жолго үч боз үй тигилип, байкоочулардын болжолунда үч жүзгө чукул адам алтын кендин жабылышын талап кылып турушат. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей элин укпаган бийликке нааразы болгон адамдардын саны күн санап өсүп барат. Ал жерде кендин жабылышын талап кылып тургандардын бири Улукбек Осмонов мындай дейт:

- Бул жердеги элдин бир эле талабы болуп атат. Жабылсын. Болду, элдин башка талабы деле жок.

Ал эми ошол эле Бекмолдо айылынын тургуну Токтоназар Абдрахмановдун айтымында, эл пикет кылып бир канча күндөн бери турса да эч ким тоготпой, алардын эмнеге турушканына кызыгып койгон бийлик адамы болгон жок.

Ошол эле айылдын тургуну Жаныш Стамалиев, кыжырданган элдин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматтан кетишин талап кыла башташканын билдирди:

- Бул жерде талаптар жөнүндө сөз болбой калды. Жабылсын дей башташты элдин баары. Андан тышкары элдин талабы, биринчиси мындай. Ушунчалык элди нааразычылыкка алып келген облустун губернатору Байымбет Мураталиев кетсин. Экинчи, райондун акими Нартаев кетсин.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Болот Шерниязов да бул маселени көтөрүп чыгып, эл боз үй тигип жол тосуп атса, өкмөт ага эч кандай көңүл бөлбөй атканына кейип, өкмөттөн маселени тез арада чечүү керектигин өтүндү:

- Мурда да кайталадым эле. Мына, президенттин чечими менен Таласка, Андашка Данияр Үсөнов баштаган комиссия барып, 10-февралга чейин өкмөттүн чечимин айтабыз деди эле. Бүгүн канчасы болду? Жыйынтыгын көрүп атасыңар. Азыр мынакей Жерүйдүн жолу жабылып, үч боз үй тигилип, жолдон эч кимди өткөрбөй атышат. Эч кандай реакция жок. Анан кийин экономикалык маселелерди да саясатка айлантасыңар. Өкмөт эч тоготуп да койгон жок. Ушул жерден протоколдук тапшырма да бердик эле. Мына үч күндөн бери урматтуу кесиптештер, Жерүйгө кеткен жол жабылып, боз үйлөр тигилип, элдин баары көчөдө турушса реакция нөл. Таласта эмес Марста болуп аткандай мамиле кылышат.

Каржы министри Акылбек Жапаров, Шерниязовдун бүгүнкү парламентте Жерүй алтын кени боюнча көтөргөн маселесине кошулат. Анын айтымында өкмөт элге жооп беребиз деген соң, жооп бериши керек:

- Менин оюмча Болот Эсентаевич маселени туура эле көтөрдү. Анткени 10-февралга чейин Андаш ишканасы боюнча өкмөт жооп беребиз деген экен. Ал жерге өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри барып келген. Ошого жооп болбогондуктан Жерүйгө бараткан жолду элдер жаап атышыптыр. Элге жооп беребиз дегенден кийин өкмөт, биз жооп беришибиз керек деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG