Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

ТУУРА БИЙДЕ ТУУГАН ЖОК…


Сот бийлигин түзүү милдети президент менен парламентке жүктөлгөн. Депутаттар президенттин сунушуна ылайык жергиликтүү жана Жогорку Сот судьяларын дайындоого макулдук беришет. 12-февралда парламент Жогорку Cоттун судьялыгына сунуш кылынган 11 талапкердин жетөөнө макулдук берген. Андан аз илгерээк жергиликтүү сотторго талапкерлер депутаттар сыноосунан өткөн.

Сот бийлиги абыдан коррупцияланышканы, ага калктын 80% ишенбестиги А.Акаев заманынан бери такай айтылып, ушу тапта ал эчкимди таңдандырбай деле калган. 2005-жылдын 24-мартынан кийин токтолго таппай турган саясий шаңдануунун шарапаты менен нааразы болгон көпчүлүк эки айдан ашуун Жогорку сот имаратын ээлеп, бийликтин бир бутагы кыйлага деңдароо туруп калганы да белгилүү.

Ушу тапта кворум жоктугунан Конституциялык Cот ишин уланта албай туру. Ал арада парламент эки ирет Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга үлгүрдү. Сот адилеттиги улуттук кеңешинин тандоосу, президенттин сунушу менен 118 жергиликтүү соттордун талапкердиги Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, анын басымдуу көпчүлүгүнө дайындоого макулдук алынды.

Анткен менен дайындалып жаткан соттордун кандай иштегени, чыгарган өкүм, чечимдеринин канчалык деңгээлде мыйзам талабына шайкеш келерин так аныктаган чен-өлчөм азырынча жок. Андай маалымат депутаттар деле жете элек, дейт Каныбек Иманалиев. Ошол себептүү, жергиликтүү сотко өтпөй калган талапкердин Жогорку сот судьясы болуп калышына эч ким таңданбай деле калды окшойт.

- Судьяга талапкер келдиби? Ал сот болуп жүргөндө кандай иштегенин мен компьютерден билишим керек. Анан ал караган иш облустук сотто, Жогорку сотто кандай чечилген? Биз азыр кыргызчылыкка салып: “Таанышым эле, жердешим эле, шайлоо округуман эле” деп, адам экенбиз, көңүлүнө карап колдоп коебуз. Эгерде жергиликтүү сотко өтпөй калса андан башкага көрсөтүлбөйт, деген бөгөт жок. Президент кайра көрсөттүбү? Эгер ал көрсөтүлсө, депутаттардын көбү добуш берсе ал сот болуп эсептеле берет.

Өмүрбек Текебаевдин ырасташынча, сотторду дайындоого сунуш кылуу президентке берилген, ошондуктан ал тигил же бул соттун буга чейин кандай иштегенин тактап, улуттук кеңештин тандоосунан өткөн талапкерди дагы бир кылдат текшерүүдөн өткөрсө артыкбаш болбос эле.

- Президент өзү А.Акаевдин убагында “Соттордун 80% коррупцияланган” деп айтканына карабастан, дайындоого эски судьяларды жөнөтүп олтурду. Мына жакында Жогорку сотко мүчө болуп С.Маатов деген жигит келди. Убагында ал мыйзамсыз жол менен Үсөн Сыдыковду шайлоо өнөктүгүнөн алып салган экен. Нур уулу Досболду алып салган. Анын мыйзамсыз экенин далилдеп отуруштун кереги жок. Президент ушу кишини Жогорку сотко чоңойтту. Досбол Нур уулун алгандан кийин бул киши Баткенден Ош шаарына чоңоюп келген. Анан ал жерден Үсөн Сыдыковду алгандан кийин көтөрүлүп Бишкекке келди. Ушундай маанилүү бийлик – сот органдарына көңүлкош карап, аппаратындагылар кимди алып келсе ошону Жогорку Кеңешке сунуш кылып отурганы, менимче, туура эмес. Ал Жогорку Кеңеште да өтүп кетти. Буга окшогон мисалдарды көп келтирсе болот. Канттагы цемент-шифер комбинатынын арест салынган мүлкүн бошотуп, анын сатылышына мүмкүндүк ачып берген соттор келип жатат.

Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Рашид Тагаев сотторго макулдук берүү жөрөлгөсү калыс өтөт деген пикирде.

- Менин оюмча, палатада калыс эле карап жатышат. Азыр эстей албай жатам, мисалы, жергиликтүү сотторго бардыгы өттү. Жогорку соттон, билесиздер, үчөө-төртөө өтпөй “кулап” калды. Анан аркыл сөздөргө, “оюн кылып атышат” дегенге айтарым, акыркы кездери андай оюндар болбой эле калды. Мына биз фракциялар менен бирге Жогорку сотко мүчөлөрдү кабыл алып жатканда бардыгы менен таанышып, сүйлөшүп, анан ортодогу маселелерди чечкендерин чечип, өзүбүздүн маселелерди бердик. Фракциядагыдар бардыгын колдоп беришти.

Жогорку соттун мурдагы судьясы Жеңиш Досматовдун айтуусунда, дайындоого макулдук берүү жөрөлгөсү дайым эле кара кылды как жарган калыстыктын чегинде өтпөйт. Комитет, фракцияларда жылуу кабыл алган эл өкүлдөрүнүн добуш берүүгө келгенде позицияны өзгөртүп ийишкени “таңкалыштуу болду”, дейт Ж.Досматов.

- Мен баары менен 100% жолугушуп чыктым. Комитеттерде болдук, депутаттык топтордо болдук. Баары жакшы кабыл алышып, соттук реформа боюнча суроолорду беришип, жакшы пикир алмашканбыз. “Ой-ой, сизден кыйын билбейбиз, биздин эч кандай сыныбыз жок” дешкен. Баары айтышкан. Анан кийин карабайсыңарбы эмне кылып жатышканын.

Ушу тапта кадрларды тандоо иши кандай аксаса, ал сотторду дайындоодо оңолуп кетиши күмөндүү. Укукчу адис Таштанбек Жанузаков ушундай пикирде.

- Мына ушул биздин кадр тандоодогу кетирилип жаткан мүчүлүштөрдүн эң негизгиси да. Себеби жергиликтүү соттон өтпөй калган сот андан жогоркусуна эч качан өтпөш керек. Негизги логика ушул да. Башка дагы мүмкүнчүлүктөр салынып кеткени көрүнүп атпайбы. Бул биздин кадр тандоодогу көнүмүш, ал бизге адат болуп калды,- дейт Т.Жанузаков.

Конституциялык соттун судьялыгына сунуш кылынган эки талапкерге макулдук берүү маселеси Жогорку Кеңештин календардык планына киргизилген. Бирок ал качан өтөрү азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG