Өкмөт башчынын парламентте белгилегенине караганда, өткөн он ай ичинде чет өлкөлүк компания макулдашылган шарттардын бирөөнү да аткарган жок. Бул маселени жакын арада өкмөт парламенттик комиссия менен бирге талдап, бир чечим кабыл алышы күтүлүүдө. Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн өкмөт былтыр Глобалд голд компаниясы менен келишим түзгөн. Ага чейин иштеп келген британиялык Оксус голд компаниясынан да кыргыз өкмөтү милдеттенмелерин аткарбай жатат деген негиздеме менен баш тарткан болчу. (BuS)