Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ


Көргөзмө жакырчылыкты, жумушсуздукту, социалдык-экономикалык туруксуздукту, чет мамлекеттерге кетип жаткан эмгек мигранттарынын абалын, жана башка учурдун көйгөйлүү маселелерин чагылдыруу максатында уюштурулган. Иш-чарага катышкан сүрөтчүлөр авангард, инсталяция, перформанс стилинде иштелген эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Илинген сүрөттөрдүн көпчүлүгүндө ээн калган үйлөр, базарда соода кылган өспүрүм балдар, балдарынын баары жумуш издеп чет өлкөгө кетип, үйдө жалгыз калган кары-картаңдардын жашоосу чагылдырылган. Бул көргөзмөдө ошондой эле борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Европадан жана Америкадан келген сүрөтчүлөр да өз эмгектерин коюшту. Алардын бири Эстониядан келген сүрөтчү Элолиф айым мындай деди.

-Мен бул жерде койулган эмгегимде балык жана ал балыкка салынган кайырмак аркылуу бүгүнкү чакчалакей дүйнөдөгү адамдардын турмуш ыргыткан жеми жок кайырмакка өздөрүнөн өздөрү эле барып илинип калып жаткандыгын көрсөткүм келген. Ал максатым канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын көрүүчүлөр өздөрү айтышаар. Ал эми көргөзмөдө койулган башка эмгектер жөнүндө айта кетсем, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү жакты, деңгээлдери жогору экени көрүнүп турат.

Ал эми Казакстандан келген сүрөтчү Канаат Ибрагимов бүгүнкү күндө мындай иш-чаралардын зарыл экендигин айтып, көргөзмөгө заманбап каражаттар пайдаланылган эмгектери менен келгендигин белгиледи.

Долбоордун менеджери Альмира Нуркамил кызы-“Биздин максатыбыз миграция, жумушсуздук, адам сатуу, балдардын эмгеги жана башка ушул сыяктуу бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ошол проблемаларды чечкенге аз да болсо көмөк көрсөтүү”-деди.

Мындай көргөзмө Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Алгач түштүктө өтүп, ага Фергана өрөөнүнүн сүрөтчүлөрү катышкан. Ал эми долбоор Будапешт ачык коом институту тарабынан каржыланууда. Сорос фондусунун маданий иштер боюнча коордиантору Алмаш Найзабекова өз сөзүндө бул көргөзмөдө сүрөтчүлөр учурдун көйгөйлүү маселесин бүгүнкү күндөгү концепция аркылуу беришкендигин айтып, бул иш-чара өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Анын айтымында кыргыз маданияты жана көркөм өнөрү күндөн күнгө өнүгүүдө. Ал өз сөзүндө ошондой аталган фонд тарабынан маданиятты көтөрүү максатында атайын програмалар иштелипп жаткандыгын кошумчалады. “Транзит – Түштүк полюс” аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсү эртең жыйынтыкталат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG